Элементтер мезгилдик системасы

Wikipedia дан

Элементтер мезгилдик системасыД. И. Менделеев элементтер мезгилдик законун таблица түрүндө туюнткан химиялык элементтер табигый классификациясы. И. Дёберейнер, Ж. Дюма, А.Шанкуртду, У. Одлинг, Ж-Ньюлендс. Л. Майер сыяктуу окумуштуулар химиялык элементтерди системага салууга аракеттенишсе да, элементтер, айрым бир топ ичиндеги закон ченемдүүлүгүн ачуу менен гана чектелишкен.

Бул ачылыштарга таянып, Д. И. Менделеев 1869-ж. элементтер атом массасы жана химиялык окшоштуктарына негизделген системаны сунуш кылган. Бул таблицада «ар бир химиялык элемент белгилүү гана бир орун алыш керек» деген пикир чоң мааниге ээ болгон жана кийинчерээк бир нече жаңы элементти ачууга алып келген. Германии, технеций, рений, полоний, гелий жана башка элементтер ачылышы Д, И. Менделеев законунун негизинде алдын ала айтылган.Э.м.с. келечектеги өнүгүшүнө атом түзүлүш теориясынын таасири чоң. Н. Бор жана Э. Резерфорд сунуш кылган атомдун планеттик модели, Т. Мозли рентген нур- спектрлери боюнча эксперименттери, изотоптор ачылышы, квант-мех. теориянын пайда болушу жана өнүгүшү, физ. илимин спектроскопия боюнча жетишкен ийгиликтери Э. м. с. ар тараптуу толуктап, анын жаратылыштын маанилүү закондорун бири экендигин далилдейт. Э. м. с. түзүүчүлөр элементтер конус, цилиндр, пирамида ж. 6. геометриялык фигуралар бетине ар кандай иретте спираль, көлөм жана башка түрүнде жайгаштырып көрүшкөн, бирок маңызы бир эле болгон. Алардын арасынан көпчүлүк кабыл алып, кеңири тараган кыска мезгилдүү таблица алда канча компактуу жана пайдаланууга да ыңгайлуу. Бардык химиялык элементтер тик катардагы группа жана мезгилдерге бөлүп, таблица түрүнде жайгаштыруу Э. м. с. фундаменттүү принциби. Ар бир группа же подгруппа (тик катар) жайгашкан элементтер физ.-хим. касиеттери боюнча өтө окшош келишсе, щелочтуу металлдан башталып, инерттүү газ менен аяктаган катардагы (горизонталдык) элементтер касиеттери боюнча кескин айырмаланышат. Ар бир мезгил белгилүү сандагы элементтен турат. I мезгилде — 2, II жана III мезгилдерде — 8, IV жана V мезгилдерде — 18, VI жана VII мезгилдерде — 32 элемент жайгашышы керек. VII мезгил толо элек (бүтпөгөн) мезгил, францийден башталып, азырынча 109-элемент менен аяктайт. Мындан төмөн-күдөй корутунду келип чыгат: 1. Таблицада мезгил канчалык төмөн жайгашса, ошончолук узун болот. 2. Элементтер саны бирдей. жанаша жайгашкан эки мезгил диада болот. Химиялык элементтер шарттуу түрдө s, р, d жана f элементтерге бөлүү кабыл алынган. Ар бир жаңы мезгилде жаңы электрондук катмар электрон менен толтурулуп, ар бир жуп сан менен башталган мезгилде элементтер жаңы тобу (р-, d-, f- жана башкалар) кошулуп турат. s- элементтер —туруктуу валенттүү жана мүнөздүү металлдар (суутек менен гелий металл эмстер), р-элементтер жайгашкан мезгилдер бөтөнчөлүгү алар металлдан башталып инерттүү газдар менен аяктаганында. Металл эмес элементтер бардыгы р-элементтерге кирет; d жана f -элементтер бир нече валенттүүлүккө ээ экендиги менен айырмаланат. Э. м. с. группалары (тик катары б-ча) анда жайгашкан элементтер физ.-хим. касиеттери боюнча негизги жана кошумча болуп бөлүнөт. Негизги группада элементтер саны көп жана алар узун болот. Бул группаны баштаган элементтер экинчи мезгилден орун алышкан. Бардыгы 8 башка группа бар. Булардын өзгөчөлүгү — акыркы электрону ирети менен атомдор эң сырткы энергетикалык катмарынын s жана р- АО жайгашат да, алардын бардыгы валенттик электрондор болуп эсептелинет. Кошумча подгруппалар кыска болуп, элементтер саны да башкы группага караганда азыраак болот. Алардын бардыгы дээрлик металлдар. Бул элементтер өзгөчөлүгү, алардын акыркы электрондору атом эн сырткы катмаларына жайгашпастан. сыртынан ичин көздөй эсептегенде экинчи катмарларынын d- АО жайгашат. II жана III кошумча подгруппада элементтер башкасынан бардыгы өзгөрмө валенттүүлүктү көрсөтөт, себеби реакция учурунда алардын d электрондору да химиялык байланышты пайда кылууга катышат. Бул подгруппага кирбеген элементтер — лантаноионддер жана актиноиддер. Алар экинчилик кошумча подгруппа элементтери деп аталат. Алардын өзгөчөлүгү акыркы электрондору атомдун эң сырткы кванттык деңгээлинен ичин көздөй эсептегенде 3-денгээл АО жайгашат. Жыйынтыктап айтканда, элементтер валенттик электрондору группа номерине барабар: S элементтери үчүн – ns, P – элементтери үчүн –ns np, d – элементтери үчүн ns (n-1) d, f – элементтери үчүн ns (n-2) f Жалпысынан ички өтмө элементтер деп аталат да, таблицанын алдына бөлүп өзүнчө жайгаштырылат. Элементтер мындай классификацияланышы алардын ар түрдүү касиеттерин түшүндүрүүдө чоң мааниге ээ. Э. м. с. элементтер жалпы саны белгисиз. Жасалма метод менен алынган оор элементтер (катар номери 101 жо-гору) изооптору бардыгы өтө туруксуз. Бирок теориялык эсептөөлөр боюнча катар номери 114,126,164 жана 184 болгон элементтер туруктуу болушу мүмкүн. Э. м. с. табият таанунун илими өнүгүшүндө чоң роль ойнойт. Ал атом-мол-лык окуунун эң негизги жетишкендиктери болду; химиялык элемент ж-дөгү түшүнүккө азыркы аныктаманы берип, жөнөкөй зат менен бирик-мелер ж-дөгү түшүнүктү тактады. Мезгилдик системада ачылган закон ченем-дүүлүк атом түзүлүш теориясын иштеп чыгууга олуттуу таасир тийгизип, изотоп кубулушун түшүндүрүүгө мүмкүндүк берди. Мезгилдик системанын негизинде окумуштуулар практика талаптарын канааттандыргандай сапаттуу жаңы химиялык бирикмелерди жана металлдар куймаларын алууда. Э. м. с. химиянын кыскача конспектиси, физиктер, химиктер изилдөөлөрүнө жол көрсөтүүчү маятниги жана жаңы илимий ачылуулардын булагы.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]