Резерфордий

Википедия дан

Резерфордий (лат. Rutherfordium, Rf) 1997-жылга чейин айрым өлкөлөрдө курчатовий (Ku) катары белгилүү болчу ― Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 7-мезгилинин IVВ группа элементи. К.н. 104. Бул элемент синтезделиши 7-мезгил элементтеринин атомунун электрондук катмарынын түзүлүшү ж-дөгү маалыматтар тууралыгын далилдөөдө өтө маанилүү болгон. Гафний аналогу катары ал гафнийге, ошондой эле цирконийге жана титанга химимялык касиети боюнча окшош болуп, лантаноиддер касиеттеринен айырмаланып турушу тийиш. Бул № 104 элементти сейрек жер металлдан жана актиноиддик элементтен бөлүп алууну жеңилдетип жана ошону менен бирге бөлүп алуунун жаңы технологиясын түзүүнү талап кылган. Р. 253Rf - 262Rf массалык сандарга ээ болгон 10 изотобу белгилүү, алардын ичинен эң узак жашаганы 261Rf (Т1/2 =1,1 мин). 1970-ж. АКШда Р.Сильва жана анын эмгектештери 261Rf (17 атом белгиленген) a-гидроксиизобутират – иондору менен комплекстик анион түрүндө суудагы эритмесинде ошол эле шарттагы (окистенүү даражасы +2, +3) актиноиддер касиеттеринен абдан айырмалангандыгын көрсөтүшкөн. 257Rf (Т1/2 =4,5 сек), 259Rf (Т1/2 =5 сек) изотопторунун a -активдүүлүгү 1-жолу АКШ А.Гиорсо жана анын кесиптештери тарабынан 1969-70-ж. изилденген. Бул элемент химимялык  касиеттерин изилдөөдөгү алгачкы тажрыйбалар ЯИБИ И.Звара жана анын эмгектештери тарабынан 1966-ж. (Дубна шаары) жүргүзүлөт. Актиноиддер (окистенүү даражасы +3) жана Р. хлоридин хроматографиялык ыкма менен изилдөөдө алардын касиеттеринин ортосунда чоң айырмачылык, ал эми Р. менен гафний хлориддеринин ортосунда окшоштуктар бар экендиги табылган. 1-жолу Р. (изотоп 260Rf) плутоний 242Pu изотобун неон 22Ne ылдамдатылган иондору менен нурлантуудан ЯИБИ (Дубна ш., СССР) Г. Н. Флеров жана анын кесиптештери 1964-ж. синтездешкен:

242Pu + 22Ne ® 260Rf + 4n

Алар 1-жолу 259 Rf изотобун (1966-ж.) химимялык ыкма менен аныкташкан. 257Rf жана 259Rf изотоптору А.Гиорсо тарабынан (Беркли ш., АКШ) 1969-жж. кюрий 246Cm, 248Cm жана калифорний 249Cf изотопторун 18О, 12С жана 13С иондору менен бомбалоодон алынган. ИЮПАП жана ИЮПАК жумушчу тобунун бүтүмү боюнча элементти Р. деп атоо 1997-ж. кабыл алынды. Р. массалык санда алынбаган, ошондуктан анын касиеттерин жеке атомду пайдалануу менен изилдешкен. Р синтездөө учурунда аны плутоний ажыроо продуктуларынан бөлүп алуу менен, жаңы элементтер алуу ыкмалары дагы бир кылдат иштелип чыккан метод менен толукталды. IV жана III группа элементтерин бөлүп алуу үчүн 250оС хлордоо ыкмасы тандалып алынды. Бул шартта гафний жана анын аналогдору хлориддери газ абалына өтөт, ал эми III группа элементинин хлориддери катуу абалда калат. Бул тажрыйбаларда:

242Pu + 22Ne ® 259Rf + 5n

Реакциясы натыйжасында алынган 259Rf изотобу 300-3500С 150кПа басымда бутанын тегерегинде тынымсыз агып турган азот менен кармалып калат. Азот агымы менен аз сандагы хлордоочу реагенттер киргизишкенде актиноиддер хлориддери газ өтүп жаткан жолдун беттерине чөгүп калат да, учма Р. хлориди, гафний, цирконий хлориддери сыяктуу хроматографиялык колонка аркылуу өтүп, бөлүнүшөт. Р. бирикмелери жок жана колдонулушу белгисиз.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6