Менделеевий

Wikipedia дан

Менделеевий,– Д.И.Менделеев мезгилдик системасы 7-мезгилинин IIIВ группа элементи; актиноиддерге кирет, к.н. 101, ат. м. 258,0986; элемент Д.И.Менделеев урматына аталган. Туруктуу изотоптору жок. Терс электрдүүлүгү 1,2 (Полинг б-ча). Жер кыртышында, метеориттер, күндө жана космикалык нурдан табылган эмес. 1967-ж. 258Md изотобу ачылышы күтүлбөгөн жаңылык болгон, анткени анын жарым ажыроо мезгили Т1/2 =56 суткага барабар. Бул актиноиддер үчүн ат. н-лерин өсүүсү менен бул параметр кескин азайышын дагы бир жолу далилдеди: Cf - Т 1/2 = 600 жыл, Es - Т1/2 = 280 сутка, Fm - Т1/2 = 94 күн. М. 247Md - 252Md, 254Md - 250Md массалык сандарга ээ болгон 13 туруксуз изотобу бар. Туруктуулары: 258Md (Т1/2 =56 сут.), 260Md (Т1/2 =32 күн), 257Md (Т1/2 =5 с.) жана 256Md (Т1/2 =75 мин.). Көбүрөөк туруктуу болгон окистенүү даражасы +3. М. бардык касиеттерин изилдөө өтө аз сандагы 258Md менен жүргүзүлгөн. Md3+ иону LaF3 менен металлдар гидроксиди, карбонаты менен кошо чөгөт, ал эми ДАЦЭКС-50 чайыры жардамы менен иондук алмашуу б-ча бөлүп алууда сүт, лимон же a-гидроксиизомай к-талары менен фермийден мурда жуулат, трибутилфосфат менен экстракциялоого болот. Башка актиноиддер айырмаланып, Md3+ цинктин, натрийдин амальгамалары, о. эле Cr2+, Eu2+, V2+ жана Yb2+ иондору таасири менен Md2+ өтөт, Md2+ болсо, BaSO4 менен белгилүү даражада кошо чөгөт. 256Md изотобу 1955-ж. 1-жолу Б.Харви, Г.Чоптин тарабынан 253Еs a-бөлүкчөлөр менен нурлантуудан алынган. М. азырынча эч жерде колдонулбайт жана хим бирикмелери жок.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]