Рубидий

Wikipedia дан
Рубидий.

Рубидий (лат. rubidium) — Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IА группа элементи; к.н. 37; ат. м. 85,47. Жаратылышта 2 изотобу белгилүү: массалык сандары 85Rb (72,15%) 87Rb (27,85%) b- радиоактивдүү (Т1/2 =50 миллиард жыл). 24 жасалма радиоактивдүү изотоптору алынган. Жаратылышта Р. кеңири таралган, жер кыртышынын (м. б-ча) 3,1 ×10-2 % түзөт. Р. – күмүш түстүү, ак металл. Кычкылтек менен күйүү реакциясына кирип, Rb2O2 жана RbO2 пайда кылат. Rb2O – кычкылтек эң аз өлчөмү менен рубидий окистенгенде пайда болот. Суу менен жеңил аракеттенишип гидрооксидин - RbOH пайда кылат. RbOH - түссүз кристалл, 301оС эрийт. Р. галогениддери (RbCl, RbF, RbBr) – түссүз кристаллдар, жогорку температурада кайнап жана балкып эришет, сууда жакшы эришет. Башка элементтер галогениддери менен комплекстик бирикмелер пайда кылат, мисалы, RbCl, MgCl2×6H2O. Rb2SO4–түссүз зат, RbOH же Rb2CO3 күкүрт кислотасын таасир этүүдөн алынат. Р. карбонаты Rb2CO3-түссүз зат, эрүү температурасы 837оС. 900оС диссоциацияланат; сууда жакшы эрийт. Р. карбонатынан Р-дин бардык бирикмелери алынат. Rb2S-сульфиди, RbH-гидриди, Rb3N-нитриди, Rb2C2-карбиди, Rb4Si-силициди белгилүү. Р. үч элемент (K, Rb жана Cs) аралашмасынан өзүнчө ажыратуу м-н; вакуумда 700-8000 С Р. галогенидинен кальций металлы менен калыбына келтирүүдөн алынат. Р. металлы парафин майынын астында же атайын жасалган суутек менен толтурулган айнек ампулада сакталат. Р. фотоэлементте, түстүү жарык берген түтүктө, медицинада колдонулат. 1861-ж. Берлин илимдер академиясында Р.Бунзен жана Г.Кирхгофф спектралдык анализ ыкмасы менен жаңы бир щелочтуу металл ачылгандыгын маалымдашып, аны Р. деп аташкан. Ал лат. «rubedus» – «кызыл түстүү» дегенди билдирет. Р. лепидолит деген минералдан Р.Бунзен тарабынан 1863-ж. бөлүнүп алынган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]