Сурьма

Википедия дан
Сурма.

Сурма (лат. Stibium) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы VВ группа элементи. К.н. 51; ат. м. 121,75. Кристаллдык С. күмүш сымал көгүлтүр түстөгү металл. Жаратылыштагы С. туруктуу эки изотоп ( 121Sb-57,25 % жана 123 Sb-42,75 %) аралашмасынан турат. Жер кыртышында аз кездешип (5×10-5%), башка элементтер арасында 59-орунда турат. Анын 90 ашуун минералдары белгилүү. С. жалтырагы – Sb2S3 (антимонит же стибнит деп да аталат); кермезит 2Sb2S3×Sb2О3 ; сервантит (С. охрасы) Sb 2О4 ; валентинит Sb 2О3. С. минералдары ири кендери Кытай, Мексика, Япония, АКШ, Чехия, Алжир, Россия (Чыгыш Сибирь), Казакстан жана Кыргызстанда табылган. Кристаллдык С. тыгызд. 6,69 г/см3 ; (суюк түрүндө 6,554 г/см3 ;) эрүү температурасы 630,5 оC, кайноо температурасы 1635-1645оC.; жылуулукту начар өткөрөт жана болуп көрбөгөндөй морт – аны кадимки эле фарфор ступкасында майда порошокко чейин майдалоого болот. Мындан сырткары С. аморфтук модификацисынын 2 түрү: сары жана кара сурьма белгилүү. С. азот, фосфор жана мышьяк аналогу, алардан металлдык касиети боюнча айырмаланып турат. С. бирикмелери үчүн –3 (SbH3), +3 (Sb2O3) жана +5 (Sb2O5) окистенүү даражалары мүнөздүү. С. кадимки шартта абада эч кандай өзгөрүүлөргө учурабайт. 5000С жогорку температурада күйүп, Sb2O3 айланат. С. күкүмүн хлор менен толтурулган айнек идишке акырындык менен себелөөдө учкундар пайда болуп, идиште С. ак түстөгү пентахлориди алынат:

2Sb + 5 Cl2 = 2SbCl5

Суутек менен түздөн-түз аракеттенишпейт. SbH3 - стибин (гидриди) кыйыр ыкма менен алынат. Ал эми кычкылтек менен үч түрдүү оксидди пайда кылат: Sb2O3 (буга С. к-та H3SbO3 жана антимонит туздары), Sb2O4 (+3 жана +5 окистенүү даражасындагы оксиддер аралашмасы) жана (Sb2O5 - С к-тасы жана антимонат туздары туура келет). +3 окистенүү даражасындагы туздары эритмеде күчтүү гидролизге учурап, негиздик туздар пайда кылуу менен ажырайт:

SbCl3 + 2 H2O = Sb(OH)2Cl + 2HCl Алар (негиздик туздар) сууну бөлүп чыгаруу менен антимонил (стибил) – SbO+ катионуна айланат:

Sb(OH)2Cl = SbOCl + Н2О

С. өндүрүштө түрдүү ыкмалар менен өндүрүлөт. Пирометаллургиялык ыкмада (жогорку тем-рада) рудадагы С. сульфиддери (Sb2S3) же оксиддери (Sb2O3, Sb205 ) түрүндөгү байытылган концентраты темир күкүмү менен калыбына келтирилет да, «черновой» металл алынат, ал гидрометаллургиялык ыкмада концентрат щелочтуу-сульфид эритмесине - Na 3SbS3 айландырылат да, электролиздөө менен «катоддук» металл алынат. Эки ыкма менен тең алынган металл рафинаждоо аркылуу СУ–0, СУ-00, СУ-1, СУ-2 маркасындагы тазалыкка чейин иштетилет. Кыргыз С. өндүүрүүдө жогорудагы эки ыкма пайдаланылат. Ал тазалыгы жагынан дүйнөлүк эталон катары белгиленген.Таза С. негизинен типография тармагында пайдаланылат. С. балкымасы көпчүлүк металлдар айырмаланып катый баштаганда чексиз кеңейүүгө жөндөмдүү болгондуктан, андан куюлган типографиялык ариптер матрица (калыптын) формасын ушунчалык чоң тактыкта кайталайт да, басылмалар андай ариптерде басуу жогорку сапатта аткарылат. Бул сапатка 20-23 % С. жана калган бөлүгү коргошун менен калайдан турган – гарт деп аталган куйма жооп берет. С. куймасынын дагы бир түрү - баббиттер (Sb,Cu,Sn) сүрүлүүгө узакка чейин чыдамдуу болгон подшипниктер даярдоодо пайдаланылат. С. цезий менен болгон куймасынан өзгөчө сапаттагы фотоэлемент даярдалат. С. Ga жана In менен болгон бирикмелери эң сонун жарым өткөргүчтөр. С. күкүрттүү бирикмелери кездемелерге отко чыдамдуулукту бере турган аралашмалар катары колдонулат. Пиротехника жана каучук өндүрүшүндө да (резинага кызыл түстү берген толтургуч зат катары) С. көп керектелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]