Металл эместер
Металл эместер — Элементтер мезгилдик системасынын кичине жана чоң мезгилдеринин аяк жагында жайгаштырылган көп учурда электронду кошуп алууга жөндөмдүү химимялык элементтер.
М. э. тышкы электрондук катмарындагы электрон саны алар жайгашкан группанын номерине туура келет. М. э. туруктуу абалга келиш үчүн жетишпеген электронду кабыл алат, б. а. окистендиргичтик касиетке ээ. Окистендиргичтик касиети инертүү газга жакындаган сайын күчөйт. Ал эми группада окистендиргичтик касиети төмөндөн жогору карай өсөт. Терс электрлүүлүгү боюн ча жалпы эле металл эместерди окистенүү жөндөмдүүлүгүнүн өсүшүнө карата төмөнкүдөй жайгаштырса болот:
M. э. металлдар менен кошулуп иондук байланыштагы бирикмелерди: мисалы, NаСl, СаО, К 2S жана башка; өз ара аракеттенгенде коваленттик байланыштагы бирикмелерди пайда кылат: мисалы, Н2О, НСl, NН3, СО2, СН4 жана башка М. э. калыбына келтиргичтик касиетке да ээ.
О, Сl, N. I, S, С, Р, Н, В, Вi
М. э. суутек менен ар кандай бирикмелерди: НР, НСl, НВr, НI, Н2S, Н2Sе, Н2Те, СН4, NH3 ; кычкылтек менен к-талык окисддер СО 2, SО2, SО3, N2О5, Р205 берет жана башка Нормалдуу шартта: Н2, F2, Сl2, О2, N2 газ, Br2 оор суюктук, калгандары катуу зат. Эң терс электрдүү М. э. галогендер. М. э. жана металлдары кескин айырмалоого болбойт. Себеби элементтер мезгилдик системасында металлдык касиет, металл эместик касиетке акырындык менен өтөт. к. Амфотердүүлүк.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6