Галогендер

Википедия дан
бром.

Галогендер (гр. Наls — туз жана ...генез) — Элементтер мезгипдик системасы VII группа элементтери (фтор F, хлор Cl, бром Br, иод I, астат At). Металдар менен кошулганда туз пайда кылгандыктан, галогендер деп аталат. Мол-cы 2 атомдон турат. Сырткы электрондук деңгээлинде 7 электрон болуп, туруктуу деңгээл пайда кылууга 1 электрон жетпейт. Металлдар менен кошулганда алардын бир электронун өзүнө тартып алып, окистендиргич касиетке ээ болот. Алар реакцияга абдан тез кирүүчү металлоиддер. Көпчүлүк элементтер менен түздөн-түз кошулуп, галогенидди пайда кылат. Хим. активдүүлүгү, фтордон иодду көздөй атомдук радиусу чоңоюшу менен төмөндөйт. Кадимки шарт-та фтор менен хлор — газ, бром суюк, иод менен астат — катуу зат. Астат — радио-активдүү элемент. Суу менен кадимки шарт-та газ абалындагы сууда жакшы эрүүчү суутек галогенин пайда кылат. Алардын суудагы эритмеси күчтүү к-талар. Эритмеде ар бир галоген өзүнөн кийинки галоген атомун металлдык жана суутектик бирикмелеринен сүрүп чыгарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]