Хром

Википедия дан
Хром.

Хром (латын тилинен Cromium) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы VIВ группа элементи; к.н. 24 ат. м. 51,996. Жаратылышта 4 туруктуу изотобу бар: 50Cr; 52Cr; 53Cr; 54Cr; жасалма радиоактивдүү изотобу - 51Cr (Т1/2 =27,8 ). Иондошуу энергиясы ( эВ ) Cr0 ® Cr+® Cr2+ ® Cr3+ ® Cr6+: 6,76; 16,49; 30,95; 90,06 ; Х. гр. тилинен которгондо түс (боёк) дегенди билдирет. Х . 1797-ж. Л.Воклен крокоит минералынан ачкан. Таза Х. Р.Бунзен CrCl2 электролиздөө менен алган. Х. жер кыртышында кеңири тараган элемент (массасы 2×10-2% түзөт). Жаратылышта кычкылтектүү бирикмелери түрүндө кездешет: хромит – (FeCr2)O4 ; крокоит – PbCrO 4 ; уваровит - Ca 3Cr(SiO4)3 жана башка Хромит минералы ө. ж. чоң мааниге ээ. Ал металлургияда, химия өнөр жайда кеңири колдонулат. Х. ® өтө катуу, кыйындык менен эриген жалтырак металл, тыгызд. 7,19 г/см3 ; балкып эрүү температурасы 1890 0С; кайноо температурасы 24800С; ат. радиусу 1,25; Х. аба жана суу таасирине туруктуу. 20000С чейин ысытканда кычкылтекте күйөт. Кадимки темп-рада фтор менен, 6000С жогорку темп-рада галогендер, азот, күкүрт, көмүртек, кремний, бор жана башка менен аракетешет. Бирикмелеринде +2, +3 жана +6 окистенүү даражаларын көрсөтөт. Туруктуусу жашыл түстөгү Cr3+, көгүлтүр түстөгү Cr2+ нону калыбына келтиргич, сары-күрөң түстөгү Cr6+ иону окистендиргич касиетти көрсөтөт. Cr(ОН)3 амфотердик касиетке ээ: кислоталар менен да, негиздер менен да аракетешет. Щелочтор менен хромит к-тасы (НCrО2) туздарын пайда кылат. Металл түрүндөгү Х. Cr2О3 калыбына келтирүүдөн алынат да, куймаларды алууда, металлды коррозиядан коргоо үчүн хромдоодо колдонулат. Х. менен капталган болот бузуусу чөйрөдө туруктуулугу жогорулайт, сүрүлүүгө, жешилүүгө туруктуулугу жана башка касиеттери жакшырат. Х. никель менен болгон куймаларынан нихром зымдары жасалат. Бирикмелери дихроматтар – K2Cr2O7, Na2Cr2O7 ; хром квасцтары – KCr(SO 4)2 терилерди иштетүүдө колдонулса, PbCrO4 – ар түрдүү боёк – пигменттерди даярдоодо колдонулат. Лаб-яда K2Cr2O7 каныккан эритмеси менен конц. H2SO4 аралашмасы “хромпик” деген ат менен лабораториялык айнек идиштер жууп-тазалоо үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]