Висмут

Википедия дан
Висмут.

Висмут (нем. Bismuthum), Д. И. Менделеев мезгилдик системасы VА группа элементи, к.н. 83, ат. м. 208,9. Туруктуу бир изотоптон турат – 209Вi. Жаратылышта эркин жана бирикмелер түрүндө кездешет. Анын эң кеңири таралган минералдары Вi2S3 – висмут жалтырагы, Au3Bi – мальдонит жана Вi2O3- бисмит же висмут охрасы. В. жер кыртышында м. б-ча 210-5 % түзөт. В. ак жалтырак металл; тыгызд. 9,80 г/см3, эрүү темп-расы 271,3оС; кайноо темп-расы 1529оС. Бирикмелеринде II, III, V валенттүү. Кургак абада туруктуу, жогорку темп-рада күйүп, сары түстөгү оксидин Вi2O3 пайда кылат. Күкүрттө эриткенде же анын туздары эритмесине Н2S таасир эткенде В. сульфиди пайда болот:

2Bi + 3S = Bi2S3

Туз жана суюлтулган күкүрт к-талары менен аракеттенишпейт. Азот к-тасы менен нитратты, концент. күкүрт к-тасы менен ысытканда сульфатты Вi2(SO4)3 пайда кылат, галогендер менен ВiF3 сыяктуу бирикмелерди берет:

2Bi + 8HNO3 = 2Bi(NO3)3 + 2NO + 4H2O 2Bi + 6H2SO4 = Bi2(SO4)3 + 3SO2 + 6H2O

2Bi + 3F2 = 2BiF3

В. Мg менен болгон куймасына НСl таасир эткенде ВiH3 пайда болот. Ал уулуу газ. В. Вi2O3 көмүр менен калыбына келтирүүдөн же күкүрт бирикмелеринен темир менен сүрүп чыгаруудан алынат:

Вi2O3 + 3C = 2Bi + 3CO;

Bi2S3 + 3Fe = 2Bi + 3FeS

В. коргошун, калай, кадмий ж.б металлдар менен куймаларды алууда жана магнит талаалары чыңалуусун өлчөй турган приборлор, ядролук реакторлор, көп бирикмелери айнек, керамика жасоодо жана медицинада колдонулат. (BiO)NO3 висмутил нитраты ХVI к-да эле театрларда грим катары колдонулуп келген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]