Иридий

Wikipedia дан

Иридий (лат Iridium, грек. – «күн желеси»), Д.И.Менделеев мезгилдик системасы 6-мезгилинин VIIIВ группа элементи, платина металлдарына кирет, к.н. 77, ат. м. 192,22. 1804-ж. О.Теннант ачкан. Жаратылыштагы И. туруктуу эки изотоптун аралашмасынан 191Ir (38,5%) жана 193Ir (61,5%) турат; жасалма радиоактивдүү изотоптору эң негизгилери 192Ir (Т1/2 =74,37 күн) 191Ir (Т1/2 =16 саат). Иондошуу энергиясы: Ir 0® Ir+ 9,2 (эв м-н) барабар. Ат. радиусу 1,35; иондук радиусу Ir+4 – 0,75; балкып эрүү темп-расы 2410оС; кайноо темп-расы 5300оС; тыгызд. – 22,4 г/см3 (18оС). Жер кыртышынында м. б-ча 1×10-7 % түзөт. И. жез-никель сульфиддүү тоотектеринде кезедешет. И. төмөнкү минералдары белгилүү: осмийлүү иридий же невьянскит (Ir, Os), иридийлүү осмий же сырсертскит (Os, Ir), родийлүү невьянскит (Ir, Os, Rh), родийлүү сырсертскит (Os, Ir, Rh), рутенйилүү сырсертскит (Os, Ir, Ru). Таралышы б-ча эң негизгиси невьянскит – сары-күрөң түстөгү, металлдык жалтырактыкка ээ, борпоң минерал. Анын минералдары Урал жана Сибир, АКШ Калифорния штатында, Түндүк Америкада таралган. И. күмүш түстүү ак, эң катуу металл. Хим. таасир этүүчүлөргө жана коррозияга абдан туруктуу. К-талар, «падыша арагы» да ага таасир эте албайт, щелочтордо да эрибейт. И. 600оС кычкылтек менен аракеттенет. О. эле F2, Cl2, Br2, S, Se, Te, P менен жогорку темп-рада аракетенет. Бирикмелеринде Ir III жана IV валенттүү, кээде I, II, VI валенттүүлүктү да көрсөтөт. Оксиддеринен туруктуулары Ir2O3, IrO3 жана туруксуздары Ir2O, IrO, хлориддеринен IrCl, IrCl2, IrCl3, сульфиддеринен IrS, Ir2S3, IrS2, Ir3S8 белгилүү. Комплекстик бирикмелеринен III жана IV валенттүү бирикмелери белгилүү: Me[IrCl 6] же Me2 [Ir(H 2O)Cl5] – хлориридити, Me2 [IrCl 6] – хлориридаты. И. платина менен болгон куймасы электрод, термопаралар, физ., хим. жана хирургиялык (учтары аябай катуу) аспаптарды, саат тетиктерин жасоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]