Хлор

Википедия дан
Хлор.

Хлор (латын тилинен Chlorum) – Д.И.Менделеев мезгилдик системасы 3-мезгилинин VIIА группа элементи, галогендерге кирет, к.н. 17, ат. м. 35,453. Мол-сы 2 атомдон турат 1774-ж. швед химиги К.Шееле пиролюзитке туз к-тасын таасир этүүдөн алган:

MnO2 + 4HCl = Cl2­ + MnCl2 + 2H2O

К.Бертолле жана А. Лавуазье оксид деп болжолдошкон газ, Г.Деви тарабынан изилденип, жаңы элемент деп далилденген. Табигый Х. туруктуу эки изотобу бар 35Cl(75,53%) жана 37Cl(24,47%). Жасалма радиоактивдүү изотоптору 34Cl(T1/2 =32,4 мин), 36Cl(T1/2 =3,08 ×105 жыл) жана 38Cl (T1/2 =37,29 мин) бар. Иондошуу энергиясы ( эВ менен): Cl0 ® Cl+ ® Cl2+ ® Cl3+ ® Cl4+ ® Cl5+ ® Cl6+ ® Cl7+ 13,10; 23,80; 39,90 жана 53,5 барабар. Х. терс электрдүүлүгү (ТЭ) Полинг боюнча 3 барабар, башкача айтканда кычкылтек ТЭ кичине. Бирикмелеринде Х. -1, +1, +3, +4, +5, +6, +7 окистенүү даражаларын көрсөтөт. Ат. радиусу (кристаллдык) – 1,07; ион радиусу Сl- – 1,81; Cl7+ 0,26, диссоциация энергиясы (Cl2 ® 2Cl) 57,2 ккал/моль. Х. жер кыртышында м. боюнча 4,5×10-2% түзөт. Өтө активдүү, жаратылышта бирикме түрүндө гана кездешет. Ал деңиз, көл жана дарыя сууларында, өсүмдүк, жаныбар организминде, ошондой эле көпчүлүк минералдар курамында: галит NaCl, сильвин KCl, сильвинит KCl×NaCl, карналлит KCl×MgCl2×6H2O, каинит KCl×3H2O, бишофит MgCl26H2O жана башка түрүндө, айрыкча көпчүлүк өсүмдүктөр күлдөрүндө, таш тузу же галит жана калийлүү туз түрүндө кездешет. Таш тузунун кендери Россия (Донецск басс., Соль-Илецка шаары), Польша, Германия, Индия (Пенджаб провинциясы), Франция, Испания, АКШда жана башка, ал эми калийлүү тузунун ири кендери Соликамски, Германия, Франция, Испанияда кездешет. Хлор – кадимки шартта сары-жашыл түстөгү, дем алуу органдарына өтө терс таасир этүүчү, тумчуктургуч газ; суюк Х- тыгызд. 1,57 г/см3, кайн. температурасы -34,050С, эрүү тем-расы –1010С. Окистенүү даражасы -1 +7 чейин өзгөрөт. Сууда, туз к-тасында жакшы эрийт. Көпчүлүк металлдар, металл эместер менен активдүү аракеттенип, туздар жана ар түрдүү Х. бирикмелер пайда кылат. Азот, кычкылтек жана көмүртек менен кургак шартта реакцияга кирбейт. Х. оксиддери – Cl2O, ClO2, Cl2O6, Cl2O7 өтө туруктуу Х. азот – ClN3, галоген хлориддери (ClF, ClF3, BrCl, ICl, Icl3 ж.б.), металл хлориддери (CuCl2, ZnCl2, AgCl, PbCl2), кычкылтектүү Х. кислоталары (HClO, HClO2, HClO3, HClO4) эритмелер түрүндө гана белгилүү жана алардын ичинен HClO4 – Х. к-тасы туруктуу. Х. кычкылтек, азот, аморфтуу көмүртектен башка бардык элементти окистендире алат. Х. негизинен натрий хлориди суудагы эритмесин электролиздөөдөн алынат:

2NaCl + 2H2O = Cl2 + 2NaOH + H2

Мындан тышкары Х. өнөр жайда щелочтуу металлдар хлоридинин балкып эриген эритмесин электролиздөөдөн алынат.

kатод (-) ¬ 2Na+ 2Na+ + 2e- = 2 Na0

анод (+)  ¬ 2Сl- 2Cl- - 2e- = Cl20

Лабораториялык шартта туз к-тасына күчтүү окистендиргичтер тассир этүүдөн алынат:

16HCl + 2KMnO4 = 5Cl2 + 2KCl + 2MnCl2 + 8H2O

Х. кагаздар, кездеме агартуучу заттар алууда, ичүүчү сууну тазалоо, зыянсыздандыруу, хлорорг. заттар синтездөөдө колдонулат. Х. бирикмелеринен барий хлориди BaCl2×2H2O инсектицид (уулуу химикат) катары, сымап (II) хлориди же сулема HgCl2 медицинада дезинфекциялоочу, ал эми айыл чарбасында дан өсүмдүктөрү уруктарын дарылоочу зат катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]