Алтын

Википедия дан

Алтын (лат. Aurum) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы I В группа элементи; к. н. 79, ат. м. 197. Байыртадан белгилүү моноизотоптуу асыл металл. Жаратылышта эркин абалда уюган кристалл, кээде күкүм түрүндө топурака минералга аралашкан абалда жолугат. Өндүрүштүк маанидеги кендери Россия Чыгыш жана Батыш Сибирь, Якутия, Забайкалье, Красноярск крайы, Урал, Кыргызстанда: Кумтөр, Жерүй, Макмал, Солтонсары кеңири таралган. А. бирден бир ири кени Түштүк Африкада (дүйнөлүк алтындын 5 % өндүрөт). Кыргызстанда алтын өндүрүү жылына 14-17 т. жетет. Мындан сырткары Америка, Канада, Австралия ири алтын өндүрүүчүлөр болуп саналышат. А. сары түстөгү жалтырак, жумшак, созулгуч металл. 1 г. А. жоондугу 0,0002 мм, узундугу 3420 м болгон ичке зымды чоюп алууга болот. Ат. радиусу 1,44; иондук радиусу 1,37Е; тыгызд. 19,32 г/см3; балкып эрүү темп-расы 10640,430; кайноо темп-расы 2947; магнитке тартылбайт. А. хим. активдүүлүгү начар; кычкылтек, суутек, азот жана көмүртек менен жогорку темп-рада да кошулбайт. А. күкүмдөрүн хлор менен 140-150оС ысытуудан А. хлориди - AuCl3 алынат. Ал А. башка бирикмелерден бөлүп алуунун баштапкы заты болуп саналат. Хим. бирикмелеринде I - III валенттүүлүктү көрсөтөт. Бирикмелери туруксуз. А. 1 көлөм азот, 3 көлөм туз к-сынын, күкүрт жана азот к-сынын аралашмасында жана натрий цианди эритмесинде гана эрийт. А. сымап менен амальгаманы пайда кылат. А. бул касиети аны кенден бөлүп алууда колдонулат. Лат. «Aurum» – сары, «аврора» таңкы шоола деген сөздөн келип чыккан. А. жана анын куймалары медицинада туберкулез оорусун козгоочу бактерияларды жок кылууда жана хим. жактан туруктуу аппараттардын тетиктерин жасоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]