Рутений

Википедия дан
Рутений.

Рутений (латынча Rutenium), Ru – элементтердин мезгилдик системасынын VIII тобундагы химиялык элемент, платина металлдарына кирет. Табигый Рутений атомдук массасы 96, 98-102 жана 104 болгон туруктуу изотоптору бар. Эң кеңири таралганы 102Ru. Рутений жер катмарында эң аз санда (5–10 7 %) платина тобундагы башка металлдар менен кошо кездешет. Рутений – күмүштөй ак, платинага окшош металл, өтө кыйындык менен эрийт, өтө жогорку температурада да катуулугун жоготпойт. Атомдук радиусу 1,338 А, тыгыздыгы 12,4 г/сж3(20°С), эрүү t 2250°С; кайноо t 4900°С. Рутенийдин эң негизги касиеттери – анын валенттик абалынын (Одөн 8ге чейин) көп түрдүүлүгү. Ал аморфтуу жана кристаллдык түзүлүштө болот. Аморфтуу Рутений кара күкүм түрүндө болуп, эритмеден калыбына келтирүү жолу менен алынат. Кристалл түрүндөгү Рутений анын аморфтуу формасына калайды 5-6 эсе көп санда кошуп, ысытып, хлордуу суутек менен иштетүүдөн алынат. Рутений химиялык жактан туруктуу. Кислоталар жана алардын аралашмалары ага таасир этпейт. Азот кислотасында күчтүү окистендиргичтин катышуусу менен эрийт. Мында комплексттүү бирикмелер пайда болот. Рутенийди абада 1000°Сге чейин ысытканда кош оксиди Ru02, ал эми 1200°Сде төрт оксидинин кристаллы пайда болот. Бул – учма кошулма, 25°Сде сары-кызыл суюктукка айланат. Рутений платина жана никель өнөр-жайынын калган калдыктарын кайра иштетүүдөн алынат. Рутений абдан таза суутекти алууда, куймалары электр-техникада, ошондой эле ал глицеринди жана башка спирттерди синтездөөдө, целлюлозаны гидролиздөөдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]