Азот

Википедия дан
Азот.

Азот (лат. Nitrogenium), 7N – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы VА группа элементи, к.н. 7, ат. м. 14,0067. Кадимки шартта түссүз, жытсыз жана даамсыз газ; абадан бир аз жеңил, балкып эрүү t 209,86оC, кайноо t 195,8оС, тыгызд. 1,2506 кг/м3. 1772-ж Д.Резерфорд ачкан. Жаратылышта мол. түрүндө да, кошулма түрүндө да кездешип, жер кыртышынын 0,04 %, ал эми мол. А. абанын көлөмүнүн 78,16 %, ал эми жаныбарлардагы белоктун 16-17 % түзөт. Таза А. жаныбарлар жашай албайт, бирок ал тиричилик үчүн эң керек. Кычкылтекке караганда сууда аз эрийт, күйүүгө жардам бербейт. Көмүртек, суутек, кычкылтек менен кошулуп, белок заттарын пайда кылат. Жаныбар А. өсүмдүктөн алат. Өсүмдүктөр А. жер кыртышынан А. орг. эмес бирикмелеринин эритмелери түрүндө сиңирет. Жаратылышта А. 2 изотобу: 14N (99,635%) жана 15N (0,365%) бар. Мындан сырткары туруксуз радиоактивдүү 13N жана 16N болгон изотоптору да белгилүү. 13N позитрондук ажыроого дуушар болот (Т1/2=9,93 күн). 16N изотобу (-бөлүкчөсүн бөлүп чыгаруу менен ажырайт (Т1/2=8сек). А. мол-сы бири-бири менен коваленттик үч байланыш менен байланышкан 2 атомдон турат. Ошондуктан мол-сы хим. жактан туруктуу, жогорку темп-рада гана металлдар менен нитриддерди, кычкылтек менен оксиддерди N2O, NO, N2O3, NO2, N2O5 суутек менен жогорку темп-рада, катализатор катышуусунда NH3 пайда кылат. Галогендер менен реакцияга түздөн-түз аракеттенбейт. Ал лаб-да аммоний нитритин жогорку темп-рада ысытуудан алынат:

1. NH4NO2tgN2 + 2H2O

Өнөр жайларда суюк абаны буулантып айдоо менен алынат да, негизинен аммиакты синтездөө үчүн жумшалат. Мол. А. хим. жана металлургиялык процесстерде инерттүү чөйрөнү түзүү үчүн, термометрлер бош аралыгын толтуруу үчүн жана төмөнкү темп-ра алуу үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]