Күкүрт

Википедия дан
Күкүрт.

Күкүрт же күйгү (лат. Sulfur) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы VIА группа элементи, к.н. 16, ат. м. 32,06. Табигый 4 туруктуу изотобу бар: 32S, 33S, 34S, 36S. Жаратылышта эркин жана бирикмелер түрүндө кездешет. Эркин түрүндө Туркмөнстандагы Каракум чөлүндө, Өзбекстанда, Россияда Волга дарыясынын жээгинде кездешет, эң ири кендери АКШ, Япония, Италияда табылган. Күкүрт ар түрдүү металлдар менен болгон бирикмелери өтө кеңири таралган. Мисалы, коргошун жалтырагы PbS, цинк обманкасы, жез жалтырагы ж.б. – булар түстүү металл алуунун булагы катары эң баалуу кендер болуп саналат. Табиятта күкүрт кальций жана магний сульфаттары катары да кеңири таралган. Күкүрт бирикмелери өсүмдүк жана жаныбар организминде кездешет. Жер кыртышында күкүрт жалпы саны 5×10-2 % түзөт. Күкүрт негизинен пирит – темир колчеданынан – FeS2 жана түстүү металлдар күкүрттүү бирикмелери бар полиметаллдык кенден да алууга болот:

FeS2 ⟶ FeS + S;

2H2S + O2 ⟶ 2S + 2H2O;

2H2S + SO2 ⟶ 3S + 2H2O.

Күкүрт – кадимки шартта 118,9°С балкып эрүүчү, сары, морт кристалл. Ал сууда эрибейт, бирок бензолдо ж.б. органикалык суюктуктарда жакшы эрийт. Күкүрт молекуласы 8 атомдон (S8) турат. 444,6°С кызыл-саргыч бууну пайда кылуу менен кайнайт. Күкүрт буусунда температура жогорулаган сайын молекуладагы атомдор саны улам азаят: S8 ⟶ S6 ⟶ S4 ⟶ S2 ⟶ S, 800-1400°С молекула бир гана атомдон турат. Күкүрт Cu, Fe, Zn менен түздөн-түз аракеттенип көп сандагы жылуулукту бөлүп чыгарат. Металл эместер менен аракеттенет, металлдар менен болгон реакциясы жеңил жана активдүү жүрөт. Күкүрт эл чарбасында кеңири колдонулат. Резина өнөр жайда каучукту резинага айландыруу үчүн колдонулат. Каучук өзүнүн баалуу касиетине күкүрт менен аралаштырып ысытканда гана ээ болот. Мындай процесс вулканизация деп аталат. Күрүрт өсүмдүктүн кээ бир зыянкечтерин жоготууда, ширенкени, ультрамарин боёкторун, көмүртек сульфиди ж.б. бир катар заттар даярдоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]