Металлдар

Wikipedia дан
Blacksmith at work02.jpg

Металлдар (гр. Mettallon — жерден казып алам) — кадимки шартта электр жана жылуулук өткөрүмдүүлүгү жогору, согуп иштетүүгө ийкемдүү «металлдык» жалтырактыкка жана башка касиеттерге ээ болгон жөнөкөй заттар. Мисалы, мындай касиеттерге ээ болушу алардын кристаллдык торчосунда кыймылдуу эркин электронунун болушуна байланыштуу. Элементтер мезгилдик системасындагы элементтердин 80% ашыгы металлдык касиетке ээ. Биринчи группанын башкы тобунун подгруппасынын М. щелочтуу М., экинчи группанын башкы подгруппасынын М. (Ве башкасы) — щелочтуу жер металлдары деп аталат. Башкы группанын М. валенттик электрондору ирээти менен S, P деңгээлчелерине, кошумча подгруппанын М. d деңгээлчелерине, ал эми лантаноиддер менен актиноиддердики f деңгээлчелерине жайгашат. М. химимялык  касиеттери валенттик электрондун атом ядросу менен начар байланышта болушуна шартталган. Алар оң иондорду жеңил пайда кылышат. Окистенүү даражалары оң мааниге ээ. Калыңдыгы 10 -4 мм Аg, Аu жука баракчалары көгүлтүр жашыл түстө болот. М. эн майда күкүмү кара же каралжын. Айрым М. (In, Sd, Bi) бөлмө темп-расында морт, ал эми ысытканда ийилгич. Кадимки шартта типтүү М. бардыгына металлдык касиет мүнөздүү (мисалы, Си, Аg, Аu, Fе). Өтө жогорку басымда М. касиеттери кескин өзгөрөт. Куймалар касиеттери боюнча металлга өтө жакын болгондуктан металл катары каралат. М. жана анын куймалары өнөр жайда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]