Сиборгий

Википедия дан

Сиборгий (Seaborgium, Sg) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 7-мезгилинин VIВ группа элементи; к.н. 106; ат. м. 263; туруктуу изотоптору жок. Терс электрдүүлүгү аныкталган эмес. Жер, метеорит, космос нурларынан табылган эмес. химимялык касиеттери боюнча вольфрамга окшош деп болгондуктан ага +6 окистенүү даражасы туура келиши керек, бирок төмөнкү окистенүү даражасын көрсөткөн бирикмелери да болушу мүмкүн. 259Sg жана 263Sg массалык сандарга ээ болгон 2 изотобу белгилүү. 259Sg (Т1/2 =7 м/сек.) 1-жолу Ю.Ц.Оганесян, Г.Н.Флеров жана алардын кесиптештери тарабынан 1974-ж. 207Pb жана 208Pbду 54Cr ядросу менен бомбалоодон алынган. 263Sg (Т1/2 =0,9 сек.) изотобу А.Гиорсо жана анын кесиптештери тарабынан 1974-ж. 249Cf кычкылтек 18О ядросу менен бомбалоодон алынган. ИЮПАП жана ИЮПАК жумушчу тобунун бүтүмү боюнча (1993-ж.) 1974-ж. №106-элементти синтездөө боюнча ЯИБИ жана Беркли-Ливермор окумуштуулары тарабынан жүргүзүлгөн иштин жыйынтыктары ж-дө жазылып, жарыкка чыккан макалаларга ылайык синтездөө иштери бир эле мезгилде жана бири бирине байланышпастан жүргүзүлдү деп белгиленген. Эч жерде колдонулбайт. С. химимялык  бирикмелери алынган эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]