Күмүш

Wikipedia дан
Күмүш.
Күмүш.

Күмүш (лат. argentum) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IВ подгруппа элементи. К.н. 47; ат. м. 107,870; асыл металлдарга кирет. Жаратылыштагы К. массалык сандары: 107 (51,35 %) жана 109 (48,65 %) болгон эки туруктуу изотоптун аралашмасынан турат. К. радиоактивдүү изотоптору практикалык жактан маанилүүсү 110Ag (Т1/2 =253 күн). Таза К. мындан 3 миң жыл мурун Египетте, Персияда, Кытайда белгилүү болгон. К. алтынга салыштырганда активдүү, жер кыртышында алтынга караганда 1,5 эсе көп, эркин абалда аз кездешүүчү элемент. Байыркы Египетте К. алтынга салыштырмалуу жогору бааланып келген (2,5:1 катышында болгон). К. саны жер кыртышынын 6 ×10-6 % (массасы б-ча) түзөт. К. жаратылышта: Ag2S – аргентит (күмүш жалтырагы), Ag2SbS3 – пираргирит, Ag3AsS3 – прустит минералдары түрүндө, айрыкча алтын, жез, коргошун кендери менен бирге кездешет. К. кендери Орто Азияда, Сибирде, Ыраакы Чыгышта; чет өлкөлөрдө – Мексикада, АКШ, Австралияда, Канадада кездешет. Таза К. – өтө жумшак, ак түстөгү металл; жылуулукту жана электр тогун башка металлдарга караганда жакшы өткөрөт; тыгызд. 10,5 г/см3 ; ат. радиусу 1,44; кайноо темп-расы 2212 оС; эрүү темп-расы 960,5оС. Бирикмелерде I валенттүү; II жана III валенттүү К. бирикмелери да белгилүү. Хлор менен нымдуу чөйрөдө 80оС, ал эми кургак хлор менен 300оС реакцияга кирет; фтор менен жогорку темп-рада аракеттенет. Кадимки темп-рада окистендиргич катышпаса HCl, HBr, HI күмүшкө таасир этпейт. Суутек жана азот менен К. түздөн-түз бирикпейт. Ag2O аммиактуу эритмесине ацетонду жана спиртти таасир эткенде нитрид Ag3N пайда болот. AgNO3 эритмесине гидразинди таасир этүүдөн азиди – AgN3 алынат. Бөлмө темп-расында К. күкүмүнө же К. туздары эритмесине ацетиленди таасир этүүдөн Ag2C2 – карбиди алынат. Өтө жогорку темп-рада К. фосфор менен Ag3P пайда кылат. К. орг. к-талар жана щелочтор таасир этпейт. Нитрат, сульфат, тиосульфат жана металлдар хлориддери күмүш менен эриген (балкыган) абалында гана реакцияга кирет. К. нитраты, фториди, перхлораттан башка туздары түссүз жана уулуу. К. ысык конц. күкүрт к-тасында К. сульфатын жана күкүрттүү ангидридди пайда кылуу менен эрийт. Муздак, суюлтулган азот к-тасы менен бөлмө темп-расында нитрат жана азот оксиддерин пайда кылуу менен аракеттенет. К. негизинен куйма түрүндө колдонулат. К. куймасы зергердик жана турмуш-тиричиликте колдонулуучу буюм, тыйын, лаб. идиштерди жасоодо, металлды жана радиодеталды каптоодо, К. басымдуу бөлүгү күмүш-цинк аккумуляторун жасоодо пайдаланылат. К. орг. эмес жана орг. синтезде катализатор катары да колдонулат. К. иону бактерияларды жок кылат. Анын өтө кичине концентрациясы ичүүчү сууну тазалайт. Рубль жана тыйын деген сөздөр пайда болуусу күмүш менен байланышкан. XVIII-к. Киевдик орустарда рубль катары массасы 200 г болгон К. куймасы пайдаланылган. Ошол куйманы майда бөлүктөргө бөлгөндө тыйын келип чыккан. Алгачкы тыйын 1534-ж. Россияда даярдалган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]