Калай

Wikipedia дан
Калай.

Калай (лат. Stanium, Sn) — Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IVА группа элементи; к.н. 50; ат. м. 118,69. Жаратылышта К. 10 изотоптун аралашмасынан турат. Литосферанын (м. б-ча) 8×10-3% түзөт. К. – күмүш сыяктуу ак, жумшак, жалтырак, ийилгич металл; балкып эрүү темп-расы 231,9о ; кайноо темп-расы 2687 о. Хим. бирикмелеринде II жана IV валенттүү. Кадимки шартта К. хим. таасирлерге туруктуу. Абада жай окистенет жана металл үстүндө пайда болгон жука оксиддик кабыкча (SnO2) андан ары окистенүүдөн сактайт. Фтор, хлор менен кошулуп SnF4, SnCl2 болгон бирикмелерди пайда кылат. Күкүрт менен ысытканда сульфиддер – SnS жана SnS2 алынат. К. магний менен куймасын к-танын таасири менен ажыратканда К. гидриди SnH4 – уулуу газ алынат. Азот, аммиак менен кошулбайт. К. нитриди кыйыр ыкма менен алынат. Көмүртек, кремний менен реакцияга кирбейт. Көпчүлүк металлдар менен куймаларды берет. К. менен жез куймасы коло байыртадан бери эле белгилүү. Суюлтулган к-та жана щелочто жай эрийт. Концентрацияланган щелочто эриткенде К. - H2SnO2 жана К. - H3SnO3 к-тасынын туздары – станиттер жана станаттар пайда болот. II валенттүү К. туздарынын Sn2+ көпчүлүгү түссүз, сууда жакшы эриген заттар. К. негизинен К. рудаларынан алынат. Мис., касситтери (SnO2) көмүртек же көмүртек (II) оксиди менен калыбына келтирүүдөн алат:

SnO2 + 2C = Sn + 2CO же SnO2 + 2CO = Sn + 2CO2

Алынган К-дын 40 % тамак-аш ө. ж-да, подшипниктерди, типографиялык куймаларды алуу, буюмдарды каңдоодо, боёк чыгарууда, сүрөт ө. ж-да колдонулат. К. менен алтын жана күмүш куймасы тиш салуу техникасында пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]