Барий

Википедия дан
Барий.

Барий (лат. Baryum; гр. barys - оор, Ba) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 6-мезгилинин IIА группа элементи, к.н. 56, ат. м. 137,34, щелочтуу жер металлдарына кирет. Жаратылышта Б. ат. м. 130Ва, 132Ва, 134Ва, 137Ва жана 138Ва болгон туруктуу жети изотобу бар. Б.К. Шееле биринчи жолу (1774) барий оксиди (ВаО) түрүндө тапкан. Металл түрүндөгү Б. Х. Дэви Ва(ОН)2 электролиздөөдөн алган (1808). Б. – күмүш түстүү ак, жумшак металл; эрүү темп-расы 710оС; кайноо темп-расы 1640оС. Бирикмелеринде II валенттүүлүктү көрсөтөт. Щелочтуу жер металлдарына кирет. Хим. касиети б-ча кальций, стронцийге окшош. Ва - активдүү металл, абада тез окистенет да, жука кабыкчаны пайда кылат. Суу менен реакцияга кирип Ва(ОН)2 айланат. Б. галогендер менен реакцияга кирип галогениддер, күкүрт менен сульфид (ВаS), суутек менен гидрид (ВаН2) пайда кылат. Өнөр жайларда металл түрүндөгү Б. ВаОну алюминий күкүмү менен калыбына келтирүүдөн алынат:

4ВаО + 2Аl = 3Ba + BaOAl2O3

же 6BaO + 4Al = 6Ba + 2Al2O3

Ва жана анын Мg, Al менен болгон куймалары вакуум техникасы, металлургия, коргошун менен болгон куймасы басмаканада ариптер даярдоодо колдонулат. Б. пероксиди – BaO2 суутек переоксидин алуу, өсүмдүк булаларын агартуу, сульфиди – BaS тери жыдытуу үчүн, ВаО – айнек, BaF2 – оптикалык айнек жана башка көптөгөн бирикмелери, цемент, түрдүү эмалдарды алууда жана медицинада да колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]