Барий гидроксиди

Википедия дан

Барий гидроксиди щелочь, Ва(ОН)2 – кадимки абалда эрийт. Ва(ОН)2 ·8Н2О түрүндө болот. Түссүз кристалл. Тыгызд. 2,18 г/см3. 78оС ысык сууда жакшы, муздак сууда начар эрийт. Суудагы эритмеси күчтүү щелочтук реакцияны көрсөтөт. Суудагы эритмеси абадан СО2 газын сиңирип алып ылайланат, анткени эрибей турган барий карбонаты пайда болот. 100оС жогорку темп-рада ал Ва(ОН)2·3Н2О өтөт да, кургак абада 2 мол. суусун жоготуп Ва(ОН)2·Н2О пайда кылат. Бул гидроксид кызартып ысытканда гана суусун жоготот, ал эми Ва(ОН)2 780оС жогору темп-рада ВаО өтөт. Б. г. ВаСО3 ысытуудан алына турган барий окисин ВаО өчүрүүдөн алынат. Суудагы каныккан эритмеси барий суусу деп аталып, хим. анилиздерде SO4-2 жана СО-23 иондорун табууда кеңири колдонулат. Полимерлешүү процессинин инициатору катары, кантты анын эритмесинен бөлүп алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]