Родий

Wikipedia дан
Родий.

Родий (лат. Rhodium)– Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 5-мезгилинин VIIIВ группа элементи, платин а металлдар тобуна кирет, к.н. 45, ат. м. 102,905. 1803-ж. англ. окумуштуу У. Волластон ачкан. Гр. rhodon – «роза» деген сөздөн, анткени анын кээ бир туздар эритмелери кызыл түстө болот. 1 туруктуу изотобу бар - 103Rh. Иондошуу энергиясы: Rh0 ® Rh+ ® Rh2+ ® Rh3+ (эВ м-н) 7,46; 18,07; 31,05 барабар. Жер кыртышынын 1×10-7 % түзөт; жаратылышта платина металлдары менен бирге кездешет. Р. күмүш түстүү, ак металл; платина жана палладийге караганда катуу, кыйындык менен эрийт. Ат. радиусу 1,342, иондук радиусу Rh3+ 0,78 Е; Ru4+ 0,71 тыгызд. 12,44 г/см3 (200С), эрүү температурасы 1960оС; кайноо температурасы 4500о С. Р. химимялык  жактан активдүү эмес; к-тада эрибейт. Абада 600-800 оС окистенип бир нече оксидди: Rh2O3 ; Rh 2O; RhO; RhO2 пайда кылат. Р. көзгө көрүнүүчү нурларды эң жакшы чагылдыргандыктан прожекторлор рефлекторунун жана ар кандай так өлчөөчү прибордун күзгүлөрүн каптоодо колдонулат. Көп сандаган комплекстик бирикмелеринин болгонуна карабастан III валенттүү Р. абдан аз санда тараган жана чачыранды элемент. Р. платина менен болгон куймалары химимялык  идиштерди жасоо үчүн, термопаралар жана зергер буюмдарын даярдоодо, ошондой эле катализатор катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]