Актиноиддер

Википедия дан

АктиноиддерД. И. Менделеев мезгилдик системасы 7-мезгилинин III B группа орун алышкан актинийден кийинки к.н. 90 - 103 чейинки элементтер тобу. А. - актиний элементине окшош же анын аналогу дегенди түшүндүрөт. А. эки топчого: ураноид (Ac - Am) жана кюроид (Cm - Lr) болуп бөлүнөт. А. f-элементтер катарына кирет. Алардын 5f жана 6d деңгээлчелеринен орун алган электрондор энергетикалык абалынын айырмасы өтө аз болгондуктан, 5f-деңгээлчесиндеги электрондор 6d-деңгээлчесине өтүшүнө байланыштуу а-рдин окистенүү даражалары бирикмелеринде жогорулап жана төмөндөйт. Мис., Th, Pa, U элементинин окистенүү даражалары бирикмеде

+4 +6 чейин жогорулайт. Нептуний, Am, Cm элементинин окистенүү даражалары +7 +3 чейин төмөндөйт, ал эми калган элементинин окистенүү даражасы бардык бирикмелеринде +3 барабар. А. ат. радиусу чоң болгон айрым учурларда окистенүү даражасы +7 чейин жетет. Окистенүү даражасы +7 болгон айрым бирикмелери ураноиддерден табылган. А. жаратылышта монацит, эвскенит жана урандуу чайыр кендеринде кездешет. Жаратылышта торий, уран калган А. караганда көп өлчөмдө таралган элементтер, протактиний, плутоний аз өлчөмдө кездешет. Калган А. жаратылышта кездешпейт. А. радиоактивдүү элементтерди ажыратуудан же жасалма ыкма менен ядролук реакциялардын негизинде синтезделип алынган. Торий 1-жолу 1828-ж. Я.Берцелиус торит - ThSO4 минералынан, уран 1789-ж. Клаппорт уран чайырынын бөлүп алышкан, протактиний 1918-ж. Ган жана Мейтнер ачышкан. Урандан кийинки көпчүлүк элементтер уран кендеринде аз санда болсо да кездешет. Нептуний 1940-ж. Микмеллан, Эйбольсон тарабынан табылган, калган А. ядролук реакциялар жардамында 1940-ж. плутоний, 1945-ж. америций, 1949-ж. берклий, калифорний, 1953-ж. фермий, 1955-ж. менделеевий жана башка синтезделип алынган. А-дин синтезделиши Г.Сиборг, Ферми, Флеров жана алардын кесиптештери тарабынан жүргүзүлгөн. А. күмүш түстүү ак, оор металлдар, балкып эрүү темп-ралары 738о - 1757оС чегинде болот. А. абада тез окистенип оксиддик кабыкчаны, ал эми суутек, азот, фосфор, күкүрт жана галогендер менен аракеттенип стехиометриялык эмес бирикмелерди ThH(2X) пайда кылат. А. күкүмдөрү суу менен тез аракеттенип, суутекти сүрүп чыгарат:

Th + 2H2O  ThO2 + 2H2

Күчтүү к-лар менен аракеттенишкенде туруктуу бирикмелер алынат:

U+4HNO3=UO2(NO3)2 + 2NO+2H2O

А. күчтүү негиздер менен аракеттенишпейт. Алар комплекстик бирикмелеринде жогорку окистенүү даражасына ээ болушат. А. хим. касиеттери толук изилдене элек. А. жана алардын айрым изотоптору ядролук реакцияларда эбегейсиз чоң өлчөмдөгү энергия бөлүп чыгаргандыктан, жарылуучу зат катары ат. куралда жана арзан электр энергиясын алууда ядролук отун катарында колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]