Титан

Википедия дан
Титан.

Титан (лат. titаnium) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IVВ группа элементи, к.н. – 22, ат. м. 47,90. Жаратылышта 5 туруктуу изотобу бар: 46Ti, 47Ti, 48Ti, 49Ti жана 50Ti. Жер кыртышында (м. б-ча) 6×10-1 % титан бар. Т. таралышы боюнча Al, Fe, Cu кийинки 4-орунду ээлейт. Т. бар экенин 1795-ж. М.Клапрот айткан, бирок 1925-ж. Ван-Аркель менен де Бур TiI4 ажыратып таза Т. алышкан. Жаратылышта таза түрүндө кездешпейт. Рутил, анатаз, брукит, ильменит, перовскит, лопарит, сфен (титанит) сыяктуу минералдар түрүндө кездешет. Т. - күмүш түстүү, балкып эрүү температурасы 1688oC, кайноо температурасы 3260oC, тыгызд. – 4,5 г/см3, коррозияга өтө туруктуу, абдан бекем, ийилгич металл. Титан II, III, IV валенттүүлүктү көрсөтөт. Т. ысытканда оксидде күйүп TiO2, О2, N2, H2, C, менен катуу эритмелер, суутек менен TiH2 гидрид, азот менен нитрид TiN, көмүртек менен карбид TiC, кремний менен TiSi, TiSi, TiSi2, TiSi3 силициддер, бор менен бориддер - TiB, TiB2,Ti2B5, күкүрт менен сулфиддер пайда кылат. Ti4+ иону [TiO 3]2- , [TiF 6]2- , [TiCe 6]2- , [Ti(SO 4)3]2 жана башка аниондор берет. Т. алуунун ыкмалары көп: натрий, кальций менен калыбына келтирүү ыкмаcы, электролиз жана башка Т. конструкциялык материалдар, куймалар, боек алууда, радиоэлектроника жана башка багытта колдонулат. Т. организмдин жашоо тиричилигинде белгилүү мааниге ээ болуу менен иммунногенез процесстерине үзгүлтүксүз катышат. Кан плазмасында, көк боордо, бөйрөк үстүндөгү жана калкан бездеринде кездешет. Өсүмдүктө кладофора балыры Т. бай (0,03 %).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]