Радий

Википедия дан
Мария жана Пьер Кюрилер (1903).

Радий (лат. radium), – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IIА группа элементи; к.н. 88; ат. м. 226,025. Массалык сандары 213Ra, 215Ra, 219Ra, 230Ra болгон изотоптору бар. Алардын ичинен a-радиоактивдүү 226Ra эң туруктуусу (Т1/2 =1620 жылга жакын). Р. элементин 1898-ж. Мария жана Пьер Кюрилер ачышкан. Ал өтө сейрек жана чачыранды элемент. Уран тоо тектеринин 1 т-сынан 0,34 г. Р. алынат. Жер кыртышында радий 10-10 % болот. Р. абада тез карарган күмүш сымал, ак жалтырак металл; эрүү температурасы 969оС; кайноо температурасы 15000С жакын; тыгызд. 5,5 – 6 г/см3 . Окистенүү даражасы +2. химимялык  касиеттери боюнча барийге окшош, бирок андан активдүү. Азот менен Ra3N2, кычкылтек менен RaO; суу менен суутекти бөлүп чыгарып күчтүү негизди; галогендер менен хлорид, бромид, йодидди пайда кылат. О. эле к-талар менен реакцияга кирет. Анын хлориди, бромиди, йодиди, нитриди, сульфиди сууда жакшы эрийт. Ал эми карбонаты, сульфаты, хроматы сууда эрибейт. Р. уран тоотектерин кайра иштетүүдө экстракция, хроматография, чөктүрүү ыкмалары жана RaCl2 эритмесин электролиздөөдөн алынат. Р. мед-да нейтрон булактарын алууда колдонулат. Ал организмге тамак менен келет да, анын 80 % сөөк ткандарында чогулат. Р. латын сөзү кыргызча «нур чыгарамын» дегенди билдирет. Радий элементинин ачылышы радиометриялык жана спектралдык анализ ыкмалары менен далилденген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]