Осмий

Википедия дан
Осмий.

Осмий (латын тилинен Оsmium, грек тилинен осми - «жыт») — Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 6-мезгилинин VIIIВ группа элементи, платина металлдарына кирет, к. н. 76, ат. м. 190,2. 1804-ж. платинаны «падыша арагында» эритүү учурунда алынган калдыктан О. Теннат ачкан. Жаратылышта О. 7 туруктуу изотоптору бар: 184Os (0,18%), 186Os (1,592%), 187Os (1,64%), 188Os (13,3%), 189Os (16,1%), 190Os (26,4%) жана 192Os (41,0%), ал эми жасалма радиоактивдүү изотопторунан туруктуураагы 194Os Т1/2 = 70 күн). Иондошуу энергиясы: Os 0® Os+® Os2+ 8,7 жана 17 (эВ м-н) барабар. Жер кыртышында м. боюнча 5×10–7 % түзөт. О. жаратылышта О. иридий осминаты тобунун минералдары IrOs2, IrOs4 түрүндө, кээде таза түрүндө платина менен бирге кездешет.

Анын кендери Уралда, Сибирде, Колумбияда, Мексикада, АКШ (Калифорния штаты), Түндүк Африкада, Канадада табылган. О. көгүлтүр түстөгү, белгилүү металлдардын бардыгынан оор, катуу, борпоң металл. Ат. радиусу 1,35, иондук радиусу Os+4 0,75, Os+8 0,539 ; балкып эрүү температурасы t 3050оС; кайноо температурасы t 5500оС; тыгызд. 22,5 г/см3 ; химимялык касиеттери боюнча башка платина металлдарынан кескин айырмаланып, кээде металл эместик касиетти да көрсөтөт. Абада OsO 4 оксидин пайда кылуу менен күйөт, бөлмө темп-расында кычкылтексиз к-талар таасирине туруктуу, бирок коррозияга туруктуулугу боюнча рутенийге жетпейт. Концентрацияланган азот к-тасында OsO4 чейин окистенет, башка платина металлдары үчүн мындай реакция мүнөздүүү эмес. О. күкүмү «падыша арагында», щелочтуу металлдардын гипохлориттеринин эритмелеринде эрийт. О. Na2O2 же KNO3+КОН көп аралашмасы менен балкытып эриткенде эркин абалында туруксуз болгон О. кислотасынын (H2OsO4 ) туздары – осмиаттар пайда болот. Os бирикмелеринде II, III, IV, V, VI жана VIII валенттүүлүктү көрсөтөт. Алардын ичинен окистенүү даражасы +2, +3, +4, +6 жана +8 болгон бирикмелери туруктуу. О. бардык бирикмелери суутект агымында ысытканда металл абалына чейин калыбына келет. О. II, IV жана VIII валенттүү оксидери белгилүү жана алардын эң туруктуусу OsO 4 – түссүз кристалл, балкып эрүү температурасы +40оС; уулуу, көздү, терини дүүлүктүрөт; сууда жакшы эрийт; эритмеси кычкыл реакцияны көрсөтпөйт, бирок күчтүү щелочтор менен туруксуз комплекстик бирикмелерди пайда кылат. OsO4 күчтүү окистендиргич касиетке ээ болгондуктан органикалык  заттар менен активдүү аракетенет. О. жана анын бирикмелери катализатор катарында жана ткандар микропрепараттарын боёодо колдонулат. Ал эң катуу жана коррозияга туруктуу болгондуктан башка платина металлдары менен болгон куймалары так өлчөөчү приборлор тетиктерин даярдоодо, электр лампасын, авторучкалар учтарын жасоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]