Рений

Wikipedia дан
Рений.

Рений (латынча Rhenium), Re – элементтердин мезгилдик системасынын. УИ тобундагы химиялык элемент, катар номери 75, атомдук массасы 186,207. 1869-жылы Д. И. Менделеев 7-топтогу марганецке окшош болгон эки элемент бар экендигин алдын ала айткан. 1925-жылы немец химиктери В. жана И. Ноддактар колумбит минералынан катар номери 75 болгон жаңы элементти табышкан. Жаратылышта рений 2 изотоптон 18575Re жана 18775Re турат. Рений күмүш түстүү ак, оор, кыйындык менен эрий турган, ийилгич жана коррозияга өтө туруктуу металл. Атмосфералык радиусу 1,373Е, тыгызд. 21,03 г/см3; эрүү t 3180°С; кайноо t 5900°С. Кадимки температурада рений абада туруктуу, азот жана суутек менен аракеттенбейт. 300°Сден жогору температурада окистенет (Re203, Re207), күкүрт, галогендер менен аракеттенет (Re2S3, ReS, Re2S7, ReF6 жана ReCl6). Pений бирикмелеринде +7ден –Ire чейинки окистенүү даражасын көрсөтөт. ренийди алуу өтө татаал. Башка металлдардан экстракция жана хроматография жолу менен бөлүп алынат. Рений ысыкка жана коррозияга абдан туруктуу. Анын куймалары электр техникада, авиацияда, ракета жана космос иштеринде, атом техникасында пайдаланылат. Ренийдин платина менен куймасы термоэлемент катары 1900°Сге чейинки температураны өлчөө үчүн колдонулат. Ошондой эле электр лампаларынын ренийден жасалган зымдары вольфрамга караганда чыдамдуу келет. Рений көпчүлүк химиялык реакциялардын катализатору болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]