Калифорний

Википедия дан
Калифорний.

Калифорний (лат. Californium) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 7-мезгилинин IIIВ группа элементи. К.н. 98, ат. м. 251. К. массалык сандары 240Cf – 256Cf болгон 17 радиоактивдүү изотобу белгилүү, алардын ичинен бир кыйла туруктуусу – 251Cf. К. 1950-ж. амер. илимпоздор Г.Сиборг, С.Томпсон жана А.Гиорсо тарабынан кюрий элементинен ядролук реакциянын негизинде алынган да, аны америка штатынын атынан аташкан. К. – ак металл; балкып эрүү темп-расы 9860С; бирикмелеринде +2,+3, +4, +5 жана +6 окистенүү даражаларын көрсөтөт. К. оксиди Cf2O3, оксихлориди Cf2OCl, жана К. нитраты, сульфаты, галогениди сууда эрийт. К. ат. реактордо ядролук реакцияларды изилдөөдө, плутонийди алууда, о. эле нейтрондук активизациялык анализдөө иштеринде колдонлат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]