Кобальт

Wikipedia дан
Кобальт.

Кобальт (лат. Cobaltum) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 4-мезгилинин VIIIВ группа элементи, к.н. 27, ат. м. 58,9332. К. биринчи ыкма 1735-ж. швед химиги Г.Брандт ачкан. Жаратылыштагы К. туруктуу бир изотоп 5927Cо турат. Белгилүү атом катарында болгон жарым ажыроо мезгили Т1/2 =5,24 жыл жасалма ыкма менен алынган радиоактивдүү изотоп 6027Cо колдонулат. Окистенүү даражасы +2 жана +3, кээде +1, +4, +5 да көрсөтөт; иондошуу энергиясы: Со0® Со+® Со2+ – 7,86 жана 17,31 (эв м-н) барабар. Ат. радиусу 0,125нм; иондук радиусу Со+2 – 0,78, Со+3 – 0,64; балкып эрүү темп-расы 1493оС; кайноо темп-расы 2277оС; тыгызд. – 8,9 г/см3. К. мүнөздүү металлдык жалтырактык касиетке ээ, көгүш түстө; жеңил иштетилет, серпилгич, темирге окшош, болоттон да катуу, темир сыяктуу магниттик касиетке ээ, бирок ал касиетин 1121оС жогорку темп-радан баштап жоготот. Жер кыртышында 3×10-3 % жакын, сейрек таралган металл. Жерден атырылып чыккан минералдык булакта, көпчүлүк тоотек-инде, деңиз суусунда кездешет. Топуракта, өсүмдүк менен жаныбар ткандарында да бар. К. төмөндөгү минералдар: карролит – CuCо2S4 ; линнеит – CoS; мышьяк менен кобальт жаркырагы – CoAs, кобальтит – CoAsS, арсенит – CoAs 2 ж.б. түрүндө кездешет. Анын кендери Уралда, Кола жарым аралында жана Сибирде таралаган. Жөнөкөй хим. бирикмелеринде кобальт II валенттүү, ал эми комплекстик бирикмелеринде - III валенттүү. К. сууда жана абада туруктуу. 3000С оксиддик жука кабык (жашыл түстөгү СоО) менен капталат. Суюлтулган HCl, H2SO4, HNO3 к-таларында акырындык менен эрийт. Галогендер менен (F2 башкасы) бөлмө темп-расында, S, P,N2, Si, As менен 300-5000С аракеттенет. К. Со3О4 калыбына келтирүүдөн, кобальт хлоридин (CoCl2), кобальт сульфатын (CoSO4) электролиздөөдөн, никелдик, жез-никелдик, жез-кобальттык, мышьяк-кобальттык рудалардан алынат. Күкүрт жана туз к-таларында К. суутекти бөлүп чыгаруу менен эрип, кызыл түстөгү кристаллогидрат түрүндөгү туздар пайда кылат: CoSO4×7H2O, CoCl2×2H2O. К. азот к-тасы менен аракеттенгенде азот оксидине чейин калыбына келет. Кристаллдык К. нитраты – кызыл түстөгү кристаллогидрат: Co(NO3)2×6H2 O. К. ар түрдүү комплекстик иондор м-н, [Co(NH 3)6]3+ , [Co(NH 3)5×H2O]3+ , [Co(NO 2)6]3- ж.б. көп сандаган комплекстик бирикмелерди пайда кылат. Мис., натрий тетрародано-кобальты – Na[Co(CSN) 4 ] жана натрий тетрахлоро-кобальты – Na[CoCl 4]. Көк түстөгү бул эритмелер экөө тең К. фотометр ыкмасы менен аныктоодо колдонулат. К. жогорку темп-рага туруктуу материалды даярдоодо колдонулуучу куймалар алууда, коррозияга туруктуу материалдар компоненти катарында, курамында К. бар катализаторду даярдоодо, мед-да, тех-да колдонулат. Радиоактивдүү изотоп 6027 Со c-нурлануу булагы катары радиациялык хим-да, медицинада, c-дефектоскопияда, тыгыздыкты өлчөөдө кеңири пайдаланылат. О. эле рак оорусуна каршы күрөшүүдө «К. пушкасы» деген ат менен колдонулат. Ал эми анемия оорусуна каршы колдонулуучу белгилүү В12 витамининин курамында да К. болот. Андан сырткары К. ар түрдүү боёктор, эмалдар даярдалат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]