Прометий

Википедия дан

Прометий (лат. Promethium, Pm) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 6-мезгилинин IIIВ группа элементи. К.н. 61, ат. м. 145. П-дин массалык саны 132Pm - 154Pm болгон 23 радиоактивдүү изотоптору белгилүү, алардын ичинен туруктуурагы болуп 145Pm эсептелет. П. 1947-ж. амер. изилдөөчүлөр Дж. Маринский, Л. Гленденин жана Ч. Кориэлл тарабынан ядролук реакциялар продуктуларынан 147Pm изотобу түрүндө бөлүнүп алынган. Жер кыртышында кездешпейт деп эсептелген, бирок ал жасалма ыкма менен алынгандан кийин жер кыртышында да болоору аныкталган. Бирикмелеринде П. окистенүү даражасы +3 барабар, ал эми окистенүү -калыбына келүү потенциалы –2,42. П. күмүш түстүү ак металл; балкып эрүү температурасы 1035оС; кайн. температурасы 2730оС. П. 147Pm изотобу практикада эң керектүү, анткени ал сааттын жана угуучу аппарат тетиктерин жасоодо колдонулат. 5 мг Pm2О3 – оксидинен бир жылга жете иштөөчү батарейкалар жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]