Мазмунга өтүү

Натрий

Википедия долбоорунан
Натрий.

Натрий, Na (лат. Natrium) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IА группа элементи; к.н. 11, ат. м. 22,99. Щелочтуу металлдар катарына кирет. Жаратылышта туруктуу ²³Na изотобу түрүндө кездешет. Натрий 1807-ж. Г. Дэви тарабынан, Натрий гидроксидин (NaOH) электролиздөөдөн алынган. Жаратылышта таралышы боюнча 6-орундагы элемент. Ар кандай минералдар курамында, жер кыртышында, эритмелер түрүндө океан, деңиз, көл, агын суулар курамында, Күн атм-сында кездешет. Натрий галит – NaCl, мирабилит – Na2SO4•10H2O, ж.б. бирикмелер түрүндө калың катмарларды түзүп, ири кендери республиканын дээрлик бардык аймактарында кездешет. Натрий ак, жумшак, жеңил металл. Атомдук радиусу 1,86; иондук радиусу 0,92; тыгызд. 0,96 г/см³ ; балкып эрүү температурасы 97,8 °C; кайноо температурасы 880 °C. Иондошуу потенциалы кичине болгондуктан күчтүү калыбына келтиргич. Бирикмелеринде окистенүү даражасы +1. химиялык активдүүлүгү өтө жогору болгондуктан реакцияга жеңил кирет. Абада бат окистенгендиктен керосинде сакталат. Натрий кычкылтек менен түздөн-түз аракеттенип, Na2O - оксидин жана Na2O2 пероксидин, суу менен реакцияга кирип, NаOH жана H2 пайда кылат. Суутек менен кошулуп гидридди NаH берет. О. эле галогендер, күкүрт, азот жана көмүртек менен кошулуп, тийиштүү бирикмелерди пайда кылат. Туздары бардыгы сууда жакшы эрийт. Натрий NаСl же NаOH электролиздөдөн алынат:

аноддо A(+):
катоддо K(-):

Кээде көмүртек менен калыбына келтирүү аркылуу да алынат:

Натрий куймалары авиация кыймылдаткычында, ядролук энергетика түзүлүшүндө жылуулук алып жүрүүчү катарында, металлургияда, органикалык синтезде ж.б. калыбына келтиргич катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар