Палладий

Википедия дан
Палладий.

Палладий (лат. Palladium) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 5-мезгилинин VIIIВ группа элементи, платина металлдары тобуна кирет, к.н. 46, ат. м. 106,4. П-ди 1803-ж. анг. окумуштуу О. Волластон ачкан. Ал 1802-ж. табылган Паллады астероиди урматына палладий деп аталган (байыркы Афинада «паллада» – гр. сөзүндө «акылдын кудайы» дегенди түшүндүргөн). Жаратылышта туруктуу 6 изотобу бар – 102Pd (0,96 %), 104Pd (10,97 %), 105Pd (22,23 %), 106Pd (27,33 %), 108Pd (21,71 %) жана 110Pd (11,81 %). Анын радиоактивдүү изотоптору ядролук реакторлордо U, Th, Puди ажыратуудан алынат. Иондошуу энергиясы: Pd0 ® Pd + ® Pd 2+ (эВ м-н) 8,33 жана 19,42 барабар. Палладий жер кыртышынын 1×10-6 % түзөт. Негизги минералдары: аллопалладий (Ag, Pt, Ru, Cu); палладит (PdO); потарит PdHg; станнопалладинит Pd3Sn2 ; арсенопалладинит Pd 3 Аs, майгенерит PdBi2 ; порценит (Au, Ag, Cu), бреггит (Pt, Pd Ni)S; палладийлүү платина (Pd, Pt) болуп саналат. П-дин негизги булактары Уралда, Сибирде, Канадада, Түндүк Африкада кездешкен сульфиддүү никель-жез кендери болуп саналат. П. асыл металл болгондуктан, жаратылышта эркин түрүндө да кездешет. П. күмүш түстүү ак металл. Ат. радиусу 1,37, иондук радиусу Pd 2+ 0,88; Pd4+ 0,73; тыгызд. 12,02 г/см3, балкып эрүү температурасы 1552оС; кайноо температурасы 2940оС. Бирикмелерде II жана IV валенттүү, кээде III валенттүүлүктү да көрсөтөт. II валенттүү бирикмелери туруктуу. PdO, Pd2O3 жана PdO2 оксиддери белгилүү. Галогендер менен PdF2-дифторид, PdF3–трифторид, PdCl2–дихлорид, PdBr2–дибромид, PdJ2 –дииодидди пайда кылат. П. мүнөздүү касиеттеринин бири, анын көп өлчөмдөгү газды сиңирүүчүлүк жөндөмдүүлүгү болуп саналат (1 көлөм паладий 900 көлөм суутекти сиңирет). Суутек сиңирилген П. күчтүү калыбына келтиргич жана башка платина металлдарына караганда активдүү. П. концент. ысык азот, күкүрт к-таларында жана «падыша арагында» эрийт. П. дихлориди эң оңой калыбына келет. Анын эритмеси менен абадагы көмүртек оксидин аныктоо үчүн колдонулуучу индикатор кагазын нымдашат. П. эритмеден диметилглиоксим менен ачууга болот. Ал кычкыл чөйрөдө сары чөкмөнү берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]