Крокоит

Википедия дан

Крокоит (грекче krjkos – саргыч күрөң) – хроматтар классына кирүүчү минерал. Химиялык формуласы Pb(CrO4). Курамында 69,06% PbO, 30,94% CrO3 бар. Моноклин системасында кристаллдашат. Өңү саргыч кызыл. Катуулугу Моостун шкаласы боюнча 2,5—3. С. салмагы 6. Курамында хром кездешкен ультранегиздүү тектерге жакын же алардын арасындагы полиметаллдуу (коргошун-цинк) кендердин кычкылдануу аймагында пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]