Гидролиз

Wikipedia дан

Гидролиз (гидро... жана гр. lysis -ажыроо, бөлүнүү) — суу менен түрдүү заттар ортосундагы ион алмашуу реакциясы; сольволиз бир учуру. Г. суу эритмесинде гана жүрбөстөн, ошондой эле суунун же суу буусунун катуу, суюк же газ түрүндөгү заттар менен аракеттенишинде да жүрөт. Г. ар түрдүү класстагы хим. бирикмелер, а, и. туздар, углеводдор. белоктор. эфирлер, майлар ж. б. дуушар болот. Суунун жана анда эриген заттардын Г. электролиттик диссоциациянын негизинде жүрөт (Н2О=Н++ОН). Жалпысынан Г. төмөнкүчө көрсөтүүгө болот:

АВ+НОН → АН+ВОН

(АВ - гидролизденүүчү зат, АН жана ВОН – Г. пайда болгои продуктулар) Г. процессинде суу иондору анда эриген заттар иондору менен кошулуп, аз диссоцияциялануучу, учуп кетүүчү же начар эрүүчү заттарды пайда кылат. Эгерде начар к-та менен күчтүү негиз тузу Г. эритмеде негиздик реакция:

К++С+CN-+HOHHCN+K++OH

ал эми күчтүү к-та менен начар негиз туздары эритмелеринде к-талык ре-акция жүрөт. К-та менен негиз бирдей санда диссоциацияланса, анда эритмедеги реакция нейтралдуу болот. Күчтүү к-та менен күчтүү негиз тузу иш жүзүндө Г.. Г. теңдештикти мүнөздөөчү негизги чоңдуктар болуп гидролиз константасы К жана гидролиз даражасы a эсептелет. Темп-раны жогорулатуу жана эритмелер кон-центрациясын азайтуу Г. даражасын жогорулатат. Г. физиологиялык чоң маа-ниге ээ. Организмдеги полисахарид, белок ж. б. заттар дайыма Г. жүрүп турат. Жер кыртышынын бир катар геологиялык өзгөрүштөрү жана минералдар пайда болушу, хим. өнөр жайларда глюкоза, этил спирти, фурфурол, самын, глицерин ж. б. алуу Г. процессине негизделген.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]