Мамык чөптөр

Википедия дан

Мамык чөптөр – жер бетинде, кээде тузсуз сууда өсүүчү жөнөкөй түзүлүштүү автотрофтуу өсүмдүктөр. Ал 3 класска (Anthocerotae, Hepaticae жана Musci) бөлүнөт. Көп клеткалуу, жөнөкөй түзүлүштүү, бийиктиги 1–50 смге жеткен жалбырак-сабактуу көп жылдык жашыл өсүмдүктөр. Аларда ассимиляциялоо, өткөргүч, ошондой эле механикалык ткандары болот. Мамык чөптөрдүн өөрчүү цикли гаплоиддүү гаметофитте диплоиддүү спорофиттин бөлүнүшү менен жүрөт. Натыйжада жыныстык жана жыныссыз мууну бир өсүмдүктө өөрчүйт. Мамык чөптөрдүн спорасынан бутактанган, көп клеткалуу, фотосинтезди жакшы өткөргөн протонема (ичке жип) өсүп чыгат. Протонемада көп сандаган бүчүрлөр ыңгайсыз шарттарга туруксуз келип, вегетатив көбөйүүгө шарт түзөт. Айрым мамык чөптөрдүн бүчүрүнөн өркүн өсөт. Мамык чөптөр. – бир же эки жыныстуу жана бир же эки үйлүү. Жыныс жолу менен көбөйүүчү органдары – антеридий жана архегоний. Мамык чөптөр (Anthocerotae жана Hepaticae) негизинен тропик же мелүүн климаттуу өлкөлөрдө кеңири таралган. Musci нымдуу жерде, токой, тундра, сазда өсүп, көбүнчө чым катмарын түзөт. Мамык чөптөрдүн өтө тез өсүшү топуракты сазга айландырып, шалбаа, жайыттардын сапатын начарлатат. Малга тоют катары жумшалат, ошондой эле курулуш ишинде пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]