Алма

Википедия дан
Алманын Фуджи сорту

Алма (лат. Malus) - роза гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык, күбүлмө жалбырактуу мөмөлүү дарак. Бутагы ар кандай узундукта. Кыска бутактарында гүлдөөчү (мөмө байлоочу) бүчүрлөрү өсөт. Жалбырагы саптуу, жылаңач. Топгүлү - чатырча. Анын 36 түрү (башка маалыматтар боюнча 150дөй) бар. Көбүнүн мөмөсү (5 уялуу, ар биринде 2ден уругу болот) желет. Кавказ, Кичи Азия, Иран, Крым, Кытай, Монголияда ж. б. өстүрүлөт.

Кыргызстанда 18 миң гадан ашык жапайы алма токойлору бар. Анда Кыргыз, Сиверен, Нездведский, Юзепчук жапайы түрлөрү өсөт. Анын бийиктиги 14 мге жетет. Сөңгөгү кабык менен капталган. Шагы жайылып өсөт, жалбырагы учтуу, узундугу 5-10 см. Гүлү чоң, ак же кызгылт. Мөмөсү ширелүү, таттуу, өлчөмү, өңү, формасы сортуна жараша ар түрдүү. Жайылган жоон жыш тамыры жерге терең кирип өсөт. Көп жыл (100, жапайы түрү 300 ж-га чейин) жашайт. Сортуна жараша 4-12 жылда мөмө байлай баштап, 40-50 жыл түшүм берет. Апрель-майда гүлдөп, кайчылаш чаңдашат. Суукка чыдамдуу, ар кандай топуракта өсөт. Алма - маанилүү мөмө жана баалуу өсүмдүк. Мөмөсүндө суу, кант, алма кислотасы, лимон кислотасы, пектин, боёк заттар, А, С витамини бар. Мөмөсүнөн кыям, компот, шире, повидло, мармелад, как ж. б. жасалат.

Айрым түрлөрү (сибирь, Нездведский ж. б.) кооздук үчүн да өстүрүлөт. Жыгачы катуу, жакшы сүрүлүп, жылмаланат; буюм, эмерек жасоо ишинде пайдаланылат. Анын миңдей сорту чыгарылган, түшүмү сортуна, өсүү шартына, жашына жараша болот. Кыргызстанда алманын 23төн ашык сорту (ак А., Бурхардт ренети, Рашида, Уэлси, Кыргыз кыштыгы, Симиренко ренети ж. б.) райондоштурулган. Бышып жетилишине жараша жайкы, күзгү, кышкы сорттору болот, кыйыштырылып өстүрүлөт. Уругунан өстүрүлгөнү селекцияда колдонулат. Алма зыянкечтери: алма бити, алма күбөсү, алма мөмө жегичи ж. б. илдеттери; алма чакалайы, мөмө чириги, кара рак ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]