Кавказ

Википедия дан
Кавказ.

КавказКара, Азов жана Каспий деңиздеринин аралыгында жайгашкан табигый аймак. Орусия‎, Грузия, Армения жана Азербайжандын чегинде. Түндүктө Кума-Маныч ойдуңунан түштүктө Армениянын Түркия жана Иран менен чек арасына чейин созулат (түштүк табигый чек арасы шарттуу алынган). Түндүк Кавказды, Кавказ өңдүрүн, Чоң Кавказ тоо тармагын жана Закавказьени өзүнө камтыйт. Аянты 440,440 миң км2ден ашык. Тоолуу рельеф басымдуу. Борбордук абалды ээлеген Чоң Кавказ тоо тармагы Россиянын гана эмес, жалпы Европанын да эң бийик жери; анын кыр бөлүгүн Башкы же Суу бөлгүч жана Каптал кырка тоолору түзөт. Анын бийик чокулары: Эльбрус (5642 м), Дыхсу (5203 м), Шхара (5068 м), Казбек (5033 м). Чоң Кавказдын кырка тоолору альп тибиндеги рельефи менен өзгөчөлөнүп турат; көбү куэста тибинде, карст процесстери өрчүгөн (Воронцов, Жаңы Афон үңкүрлөрү, Сатаплиа ж. б.). Чоң Кавказдын түндүк капталынан Кума-Маныч ойдуңуна чейин Кавказ өндуру ээлейт; андагы Ставрополь дөңсөөсү Кубань-Азов бою жана Терек-Кума ойдуңдарынан бөлүп турат. Чоң Кавказ түштүгүндөгү Колхида (батышында) жана Кура-Аракс (чыгышында) аккумуляциялык ойдуңдары аркылуу Закавказье тайпак тоолорунан бөлүнөт. Закавказье бүктөлүүдөн пайда болгон Кичи Кавказ кырка тоосунан (Гямыш чокусу, бийиктиги 3724 м) жана жанартоодон пайда болгон Армян тайпак тоосунан (5165 м, Чоң Арарат чокусу) турат. Түштүк-чыгышында бүктөлүүдөн жаралган Талыш тоосу (2477 м) жана Ленкоран ойдуңу жайгашкан. Кавказ Жер ортолук деңиз кырчоосундагы альп бүктөлүү аймагына кирген эпигеосинклиналь, бир аз бөлүгү эпиплатформа абалындагы тоолор. Орто бөлүгү өчкөн жанартоо конустары бар Кавказ мегантиклинориясына туура келет. Кен байлыктарга бай: мунай (Баку, Грозный, Майкоп), газ (Краснодар, Ставрополь крайлары), темир (Дашкесан), таш көмүр, марганец, жез, молибден (Тырныауз), коргошун жана цинк кен таштары (Садон), минералдуу булактар.

Кавказ мелүүн жана субтропиктик климат алкактарынын чет жакаларында жайгашкан. Түндүк Кавказ мелүүн, Закавказье субтропиктик алкактарга кирет. Январдын орточо температурасы Кавказ өндүрүндө -2°Сден -5°Сге чейин, Закавказьеде 16°С. Жайында Кавказдын батышы менен чыгышынын температуралык айырмасы көбүрөөк байкалат. Июлдун орточо температурасы батышында 23-24°С, чыгышында 25-29°С. Тоолордо 2000 м бийикте январдын орточо температурасы -8°С, августтуку (эң жылуу ай) 13°С. Бийиктеген сайын бийик тоонун суук климаты кыр зонасында ниваль климаты менен алмашат. Жылдык жаан-чачыны түздүктөргө 200 ммден (Кура-Аракс ойдуңу) 1800 ммге чейин (Колхида ойдуңу), тоолордо 2600 мм, айдарым батыш жана түштүк-батыш капталдарында 4000 ммге чейин жетет. Жалпы аянты 1428 км2ге жеткен 2000дей мөңгү бар; ирилери: Дыхсу, Безенги, Караугом, Цаннер ж. б. Дарыялары Каспий (Кура менен Аракс, Сулак, Терек, Кума), Кара (Риони, Ингури) жана Азов (Кубань) деңиздеринин алаптарына кирет. Эң ири көлү Севан.

Ландшафты бийиктик алкактуулукка жараша ар түрдүү. Чоң Кавказдын түштүк, Кичи Кавказдын жана Талыш тоосунун түндүк капталдарында жазы жана ийне жалбырактуу токойлордон турган субтропиктик токой ландшафты басымдуу. Чоң жана Кичи Кавказдын, ошондой эле Армян тайпак тоосунун бийик бөлүктөрүн жапыз өскөн альп шалбаасы, өтө континенттүү аймактарын шалбаалуу талаа ээлейт. Бийик кырларына гляциалдыкнивалдык ландшафт мүнөздүү. Кавказ өндүрүндө талаа, Закавказьеде жарым чөл ландшафттары басымдуу.

Кавказдын ландшафты, айрыкча түздүктөрүндөгү жана тоо этектериндеги талаа жана субтропик алкактары адамдардын аракетинен кыйла өзгөрүп кеткен. Айрыкча Чыгыш Кавказдын, Закавказье ойдуңдарынын, Жавахети Армян тайпак тоосунун чуңкурчактарынын ландшафты өтө өзгөрүүгө дуушарланган. Кавказ өндүрүндө (аймагынын 60%тен ашыгы) жана Кура-Аракс ойдуңунда (75%) агроландшафт басымдуулук кылат. Эрозия, жер астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү, кыртышты шор басуу, суу каптоо ж. б. процесстер күчөөдө. Колхида ойдуңунун 40%ке жакын аянты кургатылган, токоюнун50%тен ашык аянты кыйылып, анын ордуна субтропиктик мөмө-жемиш өсүмдүктөрү отургузулган. Саз кургатуучу каналдардын узундугу 2100 кмден ашат. Кавказдын ландшафтын коргоо максатында коруктар уюшулган, алардын эң белгилүүлөрү: Кавказ, Теберда, Кабарда-Балкар, Түндүк Осетин (Россия); Ажамети, Рица, Вашловани, Лагодехи (Грузия); Гиркан (Азербайжан); Хосров, Эренбуни (Армения) ж. б. Улуттук парктары: Сочи (Россия), Севан (Армения) ж. б. Заказниктер, табият эстеликтери да көп. «Батыш Кавказ» (Россияда; Кавказ коругунун бир бөлүгүн, Чоң Тхач табият паркын, 3 табият эстелигин камтыйт) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Кавказ курорттуу ири аймактардын бири; мында Кавказ Минералдуу суулары, ошондой эле Кара деңиздин жээгинде Анападан Батумиге чейин курорттор жайгашкан. Туризм менен альпинизмдин борбору.

Кавказда Азербайжан, Армения, Грузия, Краснодаркрайы, Ставрополъ крайы, Дагстан, Ингушстан, Кабарда-Балкария, Түндүк Осетия, Чеченстан жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Geo-stub