Терек, Түндүк Кавказ

Википедия дан
Терек
Терек (Грузия)
Терек (Грузия)
Мүнөздөмө
Узундугу 623 км
бассейндин аянты 43 200 км²
Жайгашкан орду
Өлкө Калып:Өлкө желеги/Грузия, Орусия
ОМСР 07020000212108200002513
Терек.

Терек, Түндүк Кавказ, Терк-Суу, Терги (карачай-балкар тилинен, сөзмө-сөз – шар суу) – Түндүк Кавказдагы дарыя. Узундугу 623 км, алабынын аянты 43,2 миң км2. Башкы же суу бөлгүч кырка тоосунан башталып, төмөн жагында Каптал (Дарьял капчыгайында), Аскалуу кырка тоолорун жана Кара тоону кесип өтөт. Тоодон чыккандан кийин салааларга бөлүнөт. Каспий деңизинин Аграхан булуңуна дельта (аянты 4 миң км2дей) түзүп куят.

Ири куймалары: сол – Ардон, Урух, Малка (Максан менен бирге); оң – Сунжа. Орточо чыгымы Моздок шаары тушта 300 м3/сек. Жылына 9-26 млн т шиленди агызып келет. Төмөн жагы балыкка (жилингир, сазан ж. б.) бай. Сугатка кеңири пайдаланылат (Терек-Кума каналы ж. б.). Теректе 2 ГЭС курулган; боюнда Оржоникидзе, Моздок, Кизляр шаары бар. Жогору жагында Терек өрөөнү менен Аскер-Грузин жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]