Дарыя

Wikipedia дан
Naryn river.jpg
Veržuvos upelis.JPG

Дарыя, дайра, өзөн, суу, жаан-чачын, мөңгү жана булактардан топтолгон суунун өзү калыптандырган нук менен табигый үзгүлтүксүз агымы; чоң өзөн суу. Дарыянын пайда болушу климаттык, орография жана геоморфология шарттарга байланыштуу. Дарыя алабынын аянты, узундугу, туурасы, нугунун тереңдиги, суусунун деңгээли, ылдамдыгы, чыгымы жана башка менен мүнөздөлөт. Ортоңку кеңдиктерде жаан-чачындын өлчөмү 250 мм, субтропиктерде 500 мм, тропиктерде 700 – 1000 ммге жеткенде гана дарыя пайда болот. Дарыянын калыптанышы үчүн жер бетинде сууну бир нукка топтой турган алап (к. Дарыя алабы) жана нук өтүүчү жерлердин эңкейиштиги зарыл. Дарыянын башталышы – башат, бүткөн жери (океан, деңиз, көл, башка дарыяга куйган жери) – чат деп аталат. Суу агып жаткан сай – нук, кум-таш чайкап калган тайыздык – сайроон, суу ташыганда жайпаган жээктеги түзөң – жайылма, жээктеги жардын үстү – кашат, ага келип кошулган суулар – куйма делет. Дарыянын узундугу бир нече кмден миңдеген кмге, туурасы бир нече мден бир канча кмге, алабынын аянты миң деген км2ге жетет. Дүйнөдөгү эң узун дарыя – Нил (узундугу 6671 км), Евразияда – Янцзы (узундугу 5800 км), КМШда – Обь (узундугу Иртыш дарыясы менен 5570 км). Дүйнөдөгү суусу эң мол дарыя – Түштүк Америкадагы Амазонка. Кыргызстандагы эң узун дарыя – Чүй (жалпы узундугу 1030 км), эң чоң жана суусу молу – Нарын. Дарыя жер бетиндеги суунун айлануусунда негизги ролду ойнойт. Бир жылда агып өткөн дарыя сууларынын өлчөмү 41700 км3ге жетет, бул кургактыкка түшкөн жаан-чачындын 35%ин түзөт. Жершарындагы нымдуу жана тоолуу аймактардагы дарыя суусу мол болсо, ысык жана чөлдүү аймактарда өтө аз болот. Дарыяларды гидрология илими изилдейт. Дарыялардын адамдын жашоосу жана анын чарбачылыгы үчүн мааниси өтө чоң. Кээ бир дарыялар кеме жүрүүгө, сал агызууга пайдаланылат; суу сактагычтар, ГЭС жана башка курулат; өнөр жайды, калкты, айыл чарбаны суу менен камсыз кылат; андан балык кармалат. Дарыянын жайылмаларындагы топурак күрдүү болгондуктан, мол түшүм алынат. Айрым дарыялардын нугунда жана кашатында алтын, платина, алмаз, касситерит, рутил жана башка баалуу металлдардын чачынды кендери болот.

Дарыя алабы – дарыя жана анын куймаларынын суулары жыйналган жер бетинин бөлүгү. Дарыя суусун жыйноочу кургактыктын бети алаптын суу топтоочу аянты деп аталат. Дарыя алабы жер үстүндөгү жана жер астындагы суу топтоочу аянттардан турат. Жер астындагы алаптын аянтын аныктоо кыйын болгондуктан, дарыя алабынын өлчөмү катары жер үстүндөгү аянт гана алынат. Танапташ жаткан дарыя алабынын чеги атмосфераралык жаан-чачынды алардын өрөөндөрүнүн капталдарына карай каршы эки багытка бөлгөн суу бөлгүч кырлар аркылуу өтөт. Дарыя алабынын формасы жана аянты суу жыйналуучу жердин географиялык абалы менен рельефине, геологиялык түзүлүшүнө карата ар түрдүү болот.

Дарыя өрөөнү, суу өрөөнү – дарыя суусунун жемиришинен улам пайда болгон рельефтин формасы. Өрөөн дарыя аккан багыт боюнча (башатынан чатына чейин) узунунан созулуп жатат. Андай өрөөндөр дарыянын нугун, жайылмасын, тектирлерин жана жээктерин камтыйт. Дарыя өрөөндөрү айыл чарба эгиндерин өстүрүүгө пайдаланылат; анда калктуу пункттар да болот.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргызстан:энциклопедия
  • Чеботарев А. И. Общая гидрология (воды суши). Л., 1960; Апполов Б. А. Учение о реках. М., 1963; Шульц В. Л. Реки Средней Азии. Л., 1965.