Нарын дарыясы

Нарын
кырг. Нарын
Нарын дарыясы, Нарын шаарынын аймагында
Нарын дарыясы, Нарын шаарынын аймагында
Мүнөздөмө
Узундугу 807 км
бассейндин аянты 599 миң км²
Дарыя бассейни Сырдарыя
Суу агымы
Башаты Борбордук Тянь-Шань
 · Бийиктиги 1700 м
 · Координаттар 41°49′11″ с. ш. 78°03′08″ в. д.HGЯO
Аягы [[Сырдарыя]]
 · Координаттар 40°54′07″ с. ш. 71°45′29″ в. д.HGЯO
Жайгашкан орду
Өлкөлөр  Кыргызстан,  Өзбекстан
башаты (Кыргызстан)
башаты
аягы (Өзбекстан)
аягы
Нарын Уикиказынада

Нарын дарыясыКыргызстандагы эң чоң жана суусу мол дарыя. Сыр дарыянын оң курамы. Узундугу 535 км (Чоң Нарынды кошкондо 807 км), алабынын аянты 58 370 км². Алабы түндүктөн Тескей , Кыргыз, Талас Ала-Тоолору, түштүктөн Какшаал, чыгыштан Ак-Шыйрак, батыштан Фергана кырка тоолору менен чектешет , и ошондойэле Нарын дариясында 700дой балыктын турлору бар.

1[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ак-Шыйрак кырка тоосунун түндүк-батыш капталындагы Петров мөңгүсүнүн этегинде 3730 м бийиктикте жайгашкан көлдөн Кумтөр деген ат менен башталат да, Арабел суу менен кошулуп, Тарагайды (Жаакташ) түзөт. Тарагай менен Карасай кошулгандан кийин Чоң-Нарын деп аталып, тектирчелүү жайык өрөөн менен батышты карай агат. Жогорку Нарын өрөөн үнүн борбору бөлүгүндө салааланып, нугу кеңейип, батышында кайра кууштайт. Бул бөлүгүндө дарыяга Каракол (чыгыш) жана Улан суулары кошулат. Улан суусунун чатынан Ай рысуунун (оң куймасы) кошулушуна чейин өтө кууш капчыгай менен агат. Орто Нарын өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө Чоң-Нарын, Кичи-Нарын менен кошулат да, Нарынды түзөт. Мында дарыя Нарын өрөөнүнүн сол жак чети менен кеңдик багытта агат. Бул бөлүгүндө өрөөн кенен , тектирчелүү. Сол куймасы Текесекирик кошулган жерде гана Нарындын сол жээгиндеги карбондун аки таш теги менен оң жээгиндеги палеоген-неогендин кызыл түстүү тектери жакындашып, кууш өрөөндү пайдакылат. Аламышыкты кууш Аккыя капчыгайыаркылуу жандап өтүп, түндүк-батыш багытты карай шар агат. Андан төмөн бирнече кмге чейин өрөөнү кенен , жээктери жапыз, нугунун туурасы 80–100 мге жетет.

Куланак кыштагына жакын Нарын бир нече салаага бөлүнүп, майда аралдарды пайда кылат. Аралдар жана дарыя жээктери майда токой менен капталган. Бул бөлүгүндө Нарынга Ат-Башы жана Алабуга суулары кошулат. Алабуганын чатынан батышты карай 50 км аралыкта Молдотоо менен Акшыйрак (Чаарташ) кырка тоолорун бөлүп туруучу кууш ( нугунун туурасы 40 – 50 м) капчыгай аркылуу агып, Тогузторо ойдуңуна чыгат. Өрөөндүн борбордубөлүгүн дө жумуру шагыл таштуу аралдар жана кумдуу сайроондор менен бөлүнгөн бирнече салаа бар. Тогузторо деп рессиясынын батыш бөлүгүндө Нарынга Көкирим (сол куймасы) суусу кошулуп , Молдотоо менен Көкирим тоосун бөлүп жаткан кууш кап чыгай (уз. 4 0 км) менен түндүктү карай агат. Капчыгайдан чыга беришинде эң ири куймасы Көкөмеренге кошулуп , батышты карай чулу тоотектерден түзүлгөн тектир-челүү кууш өрөөн менен жайылып (туурасы 100–150 мге чейин ) агат. Батышты карай өрөөн улам кеңейип, Кетментөбө өрөөнүнө чыгат. Мында Нарынга Чычкан жана Узун акмат суулары кошулат. Нарын Кетментөбө өрөөнүнөн кийин түштүк-батышты карай 100 км аралыкта Атойнок жана Фергана тоолорун бөлүп антецеденттик өрөөн менен агат. Капчыгайдан чыккандан кийин түштүккө карай бурулуп , өрөөнү кеңейип , Нарынга Карасуу(оң ) кошулат. Фергана өрөөнүнө чыкканда Карадарыя менен кошулуп , Сырдарыяны түзөт.

Нарындын алабында жалпы аянты 1357,8 км2 болгон 2074 мөңгү бар. Көбү (70 %ке жакыны) Акшыйрак, Тескей Ала-Тоо, Жетим, Борколдой ж. б. кырка тоолордо жайгашкан. Ири мөңгүлөрү: Петров (аянты 70,6 км2), Түндүк Карасай (49,0 км2) ж. б. Нарындын узундугу 10 кмден ашык 330 жана андан чакан 500 куймасы бар. Ири куймалары: Кичи Нарын, Онарча, Кажырты, Көкөмерен, Чычкан, Узун акмат, Кара суу (оң), Ат-Башы, Алабуга, Алабуга (сол)ж. б. Нарын негизинен кар-мөңгү жана булак, ортоңку жана төмөнкү агымдарында кар жана булак сууларынан куралат. Апрелде кирип , сентябрда тартыла баштайт. Башталышындагы бир аз бөлүгү кышында тоңот; кышкысын Нарындын көп бөлүгүнө шыргалаң жана жээк муздары мүн өздүү. Жылдык орточо чыгымы Нарын шаарына жакын 88,4 м3/сек, эң көбү 232 м3/сек (июль), эң азы 25,2 м3 /сек (январь), Фергана өрөөнүндө (Үч коргон ш. тушта) орт. чыгымы 432 м3/сек, эң көп чыгымы 963 м3/сек (июнь), эң азы 161 м3/сек (февраль). Сугатка (негизинен Фергана өрөөнүндө) кең ири пайдаланылат. Нарындан Чоң Фергана каналы башталат. Нарын гидроэнергетика ресурстарына өтө бай; энергиясынын кубаттуулугу боюча КМШде 7 -, потенциялдык ресурсу боюнча Волгадан кийинки 2 -орун да ; жалпы кубаттуулугу 6956,3 миң кВт. Генплан боюнчача Нарындын алабына 22 гидроэлектр станция курулмакчы. Нарында Атбашы, Токтогул, Үч-Коргон, Күрпсай, Ташкөмүр, Шамалдысай ГЭСтери иштейт; Камбарата ГЭСи курулууда (2004). Боюнан Нарын, Ташкөмүр, Каракөл, Үчкоргон ш., Достук, Токтогул шаарчалары, Казарман жана башка кыштагы орун алган.

Ири мөңгүлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ири куймалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ОҢ СОЛ
Кичи Нарын Ат-Башы
Онарча Алабуга
Кажырты Алабуга
Көкөмерен
Чычкан
Узун акмат
Кара суу

Нарын дарыясындагы ГЭСтер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күрпсай ГЭCи.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]