Түндүк карасай мөңгүсү

Википедия дан

Түндүк карасай мөңгүсү Акшый мөңгү акшырак тоо тоомунун түштүк батыш капталында, Чоң Нарын суусунун сол курамы Карасайдын төрүнөн орун алган. Уз. 12,2 км, жалпы аянты 49,2 км2, а. и. абляция облусунун аянты 11,5 км2. Башы деңиз деңг. 4950 м, этеги 3800 м бийиктикте жатат. Карачегинин бийикт. 4150 м. Фирн облусу Акшыйрак тоо тоомунун эки айрыгынын аралыгындагы төрлөрдө жайгашкан. Алар биригип зор татаал мөңгүнү түзөт. Азыр тынымсыз тартылууда. Мөңгүдөн Карасай суусу башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]