Куланак (айыл)
(Куланак, Нарын району барагынан багытталды)
Jump to navigation
Jump to search
Отурукташкан жай
Куланак
|
Куланак — Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районундагы айыл. Учкун айыл аймагына кирет.
Калкы ― 2705 киши (2009-жылы)[1]. Нарын дарыясынын сол жээгинде, Нарын — Казарман унаа жолунун боюнда жайгашкан. Райондун административдик борбору ― Нарын шаарынан 45 км батыш тарапта, Рыбачы т. ж. станциясынан 225 км. 1907-ж. негизделген. Негизинен мал чарбасында эмгектенишет. Орто мектеп, китепкана, кесиптик-техникалык окуу жайы, оорукана, 2 фельдшер-акушердик пункт, маданият уйу, универмаг, кондитер цехи, ашкана, турмуш-тиричилик комбинаты бар.
Эскертмелер[оңдоо | булагын оңдоо]
- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 Август (Баш оона) 2011.