Нарын (шаар)
Шаар
Нарын
|
Нарын (байыркы кыргызча: 𐰣𐰀𐰺𐰃𐰣)— Кыргызстандагы шаар, ошондой эле Нарын облусунун жана Нарын районунун акимий борбору
Калкы — 38 800 адам (2017). Шаардын жалпы аянты — 40,5 км².
Кыскача таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]
Нарын шаарынын аймагы - тээ байыркы таш доорунан бери эле адамзат жашаган жер. Мында Ала-Тоо археологиялык эстелик жайларында байыркы кишилердин калтырган таш куралдары табылган.
19-кылымда бул аймакта Kокондук чеп курулган.
1868-жылы орусиялык аскерлер Түндүк Кыргызстанды басып алганда, Нарында да атайын аскердик бекемделген жайды негиздешкен. Акырындап ал жай ири кыштакка жана шаарчага айлана берген.
Климаты. Географиялык абалы[оңдоо | булагын оңдоо]
Шаар Сыр-Дарыя дарыясына башат болгон Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан. Климаты - континенталдык.
Чарбасы. Өнөр жай ишканалары[оңдоо | булагын оңдоо]
Шаарда айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштеп чыгуу менен байланышкан бир катар чакан ишканалар (эт комбинаты, сүт комбинаты), электр тармагын тейлөө мекемелери бар.
Нарын шаарындагы «Жамал» торт кондитердик ишканасы 2003-жылы ачылып, иш үч киши менен башталган. Учурда бул ишканада 15 адам иштеп жатат. Жабдыктар Корея жана Орусиядан алынып келинип, таттуу азыктардын 35 түрү европалык жана мурдагы кеңештик технология менен жасалат.
Унаа[оңдоо | булагын оңдоо]
Нарын шаарынын негизги унаа каражаты - автомобиль транспорту. Шаарда автобус, троллейбус жана таксилер жүрүп турат.
Шаардын чыгышында 5 чакырымдай алыстыкта Нарын аба майданы жайгашкан.
Маданият[оңдоо | булагын оңдоо]
Шаарда Нарын мамлекеттик университети, Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык академиясынын колледжи, Борбордук Азия Университети жана башка да бир катар окуу жайлар, мектептер жайгашкан.
Нарын областтык музыкалык драма театры өлкөдөгү даңазалуу театр чордондорунун бири.
Нарын шаарында таалим алган атактуу кишилер[оңдоо | булагын оңдоо]
Нарын шаарында мурдагы өлкө башчылары Аскар Акаев, Роза Отунбаева, эл акыны Эсенгул Ибраев, академик Үсөн Асанов, ж.б. таалим алышкан. Жумамүдүн Шералиев, Муратбек Рыскулбековдор Нарын шаарында жашап, эмгектенишкен
Боордош (шерик) шаарлар жана аймактар[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыскача адабият тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]
- Кыргызстан: Улуттук энциклопедия. 1-том. А – Базаркоргон / Башкы редактору академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. – 688 бет, илл. - ISBN 9967-14-046-1.
- Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. – (Мында: 357-бетте). - ISBN 9967-14-016-X.
- Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. – (Мында: 388-бетте). - ISBN 5-89750-100-9.
- Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – Б. 139. – ISBN 978-9967-25-256-1.
- Кыргыз обондору / Жыйнакты түзгөндөр Б.Алагушов, К.Мадваров. – Фрунзе: «Кыргызстан» басмасы, 1970. – 474 бет. – [Кыргыз ССР Маданият министрлиги. Республикалык эл чыгармачылык үйү].
- Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.
- Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий био-библиографический свод / Отв. ред. академик У.А.Асанов. – Бишкек: Центр государственного языка и энциклопедии, 2002. – 544 стр., илл., карта. - ISBN 5-89750-142-4.
Салкын-тор
Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]
- http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_naryn_kasiet_mambetkul_kyzy/2270235.html
- http://kyrgyzinfo.ru/tekst/geografiya/naryn.html
- ↑ Нарын шаарына жаңы мэр шайланды. (super.kg). Текшерилген күнү 1 Октябрь (Тогуздун айы) 2019.