Мазмунга өтүү

Нарын мамлекеттик университети

Википедия дан

Нарын мамлекеттик университети - Кыргызстандын Нарын облусунун чордону - Нарын шаарындагы жогорку окуу жайы.

Кыскача тарыхы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1996-жылы 22-майда Кыргызстандын ошол кездеги президенти Аскар Акаевдин жардыгы менен түзүлгөн. Университеттин карамагында айыл чарба техникуму, педагогикалык коллеж, адистерди кайра даярдоо борбору, интернет борбор жана лицей бар. Университетте оболу 36 кафедра түзүлгөн. Азыркы тапта алар ирилештирилип, 57 кафедра жана бир нече борбор түзүлгөн.

Туңгуч ректору - Жанат Жаманкулов болгон (181998-жылдар), андан кийин Алмазбек Акматалиев бул кызматты аркалаган (1998-2010-жылдар).

Сатыбалды Нааматовдун2010-жылдын март айынан тартып профессор Салидин Кадыркул уулу Калдыбаев ректордук кызматка келген. 2013-14- окуу жылынан бери НМУнун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Омуралиева Дамира Кемеловна аракалап келет. 2009-жылы университетке кыргыздын совет доорундагы туңгуч агартуучуларынын бири Сатыбалды Нааматовдун (1905-1938) ысымы ыйгарылган (Кыргыз Республикасынын Өкмөүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 786 токтому).

Агрардык-техникалык факультет

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Агрардык-техникалык факультет 1997-жылы 29-сентябрда Нарын мамлекеттик университетинин ректорунун №54 буйругу менен түзүлгөн. «Электроэнергетика», «Жол кыймылын уюштуруу жана коопсуздугу», «Айыл чарба продуктыларын өндүрүү жана кайра иштетүү» жана «Маалыматтарды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары» адистиктери боюнча студенттер күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүнө кабыл алынып окуу процесси жүргүзүлгөн. 1997-2006 ж.ж. факультеттин деканы болуп техника илимдеринин кандидаты, доцент Дюшекеев Кубанычбек Дөөткулович эмгектенген.

2006-2009 ж.ж. факультеттин деканы болуп ветеринария илимдеринин кандидаты, доцент Шерматов Сагынбек Макеленович эмгектенген.

Ал эми 2009-2012ж.ж. факультетти техника илимдеринин кандидаты, доцент Молдалиев Эгенберди Дуйшекеевич жетектеген.

2013-2014-ж.ж. факультеттин деканы педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Чекирова Гулмира Кожобековна азыркы күнгө чейин эмгектенип жатат.

Агрардык-техникалык факультетте бүгүнкү күнү эки кафедра иш алып барууда: «Агрардык-техникалык дислциплиналар» жана «Маалыматтык технологиялар» кафедралары. «Агрардык-техникалык дислциплиналар» кафедрасынын башчысы техника илмидеринин кандидаты Оторова Сайра Турсуновна. «Маалыматтык технологиялар» кафедрасынын башчысы педагогика илимдеринин кандидаты Бейшеналиева Уулкан. Бүгүнкү күндө факультетте төмөнкү багыттары боюнча окуу процесси жүргүзүлөт:

• Электроэнергетика; • Жол кыймылын уюштуруу; • Информатика жана эсептөө техникасы; • Экология жана жараталышты пайдалануу. • Экономикадагы колдонмо информатика

2001-2014 окуу жылдары факультетте 1000ден ашык бүтүрүүчүлөр окууну аякташкан: Бүгүнкү күндө факультетте күндүзгү окуу бөлүмүндө 172 студент, сырттан окуу бөлүмүндө 302 студент ал эми, дистанттык окууформасында 84 студент окуйт. Жалпысынан факультете 558 студент бар. 39 профессор-окутуучу эмгектенет, анын ичинен 1 профессор, 13 илимдердин кандидаты, 6 ага окутуучу, 11 окутуучу, 5 лаборант, 2 окуу мастери, 1 инженер-программист.

ФАКУЛЬТЕТТЕГИ ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК ИШТЕР

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Факультетте адистиктер үчүн лабораториялар абдан чоң мааниге ээ, анткени техникадагы көп процесстерди эксперименттик изилдөөлөр аркылуу кана терең түшүнүүгө болот. Практикалык жана лабораториялык сабактарды өтүүгө атайын лабораториялар жасалгаланган: Релелик коргоо, Электр энергиясын өндүрүү, Электр машинелери жана аппараттары, Традициялык эмес энергия булактары, Изоляция жана ашык чыңалуу, Электротехника, Ченөө жана информациялык техника, Энергетикалык электроника, Автомобилдердин конструкциясы, Механика, Жол кыймылын уюштуруу үчүн техникалык каражаттар, Жол кыймылынын эрежеси, Автомобиль жолдору, «Молекулярдык физика», «Оптика», «Механика», «Микробиология», «Сүттүн жана эттин биохимиясы», «Суу менен камсыз кылуу», «Агрохимия жана топурак таануу», 2 компьютердик класс, 3 проектор менен жабдылган конференц зал.

Факультеттеги өтүлүүчү сабактар боюнча окуу программалары (Силлабус), электрондук окуу методикалык комплекстер жана атайын колдонмолор иштелип чыккан жана окуу процессинде кеңири колдонууда. Факультет, заманбап компьютерелер менен жабдылган жана ИНТЕРНЕТ байланышы аркылуу дүйнөлүк аренага чыгууга толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Агрардык-техникалык кафедрасынын доценти Дюшекеев К.Д., физика жана маалыматтык технологиялар кафедрасынын окутуучулары Бекежанов М.М., Бейшеналиева У. заманбап окуу методикалык комплекстерди (Кыргыз тилинде видео- сабактар, атайын программалык жабдыктар) иштеп чыгып, окуу поцессинде кенири колдонууда.

Факультеттеги электроэнергетика багытындагы физика–математика илимдеринин кандидаты, КР ИА мүчө корреспонденти, доцент О. Абдылдаевдин эмгеги зор. Кыргыз тилинде О.Т. Абдылдаевдин төмөндөгү окуу китептерди окуу процессинде кенири колдонууда:

  1. Электротехниканын назарияттык негиздери. Электр тизмектери (1-бөлүк).
  2. Электротехниканын назарияттык негиздери. II-III-бөлүктөр.
  3. Жалпы электроника.
  4. Физика «Электромагнетизм».
  5. Физикалык электроника жана микроэлектроника.
  6. Электротехниканын теориялык негиздери (2-чи басылышы)
  7. Физика «Электромагнетизм» (2-чи басылышы).
  8. Физика-техника илимдери боюнча кыргызча-орусча атоолор сөздүгү.

ФАКУЛЬТЕТЕГИ ИЛИМИЙ-МЕТОДИКАЛЫК ИШТЕР

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2013-жылда агрардык-техникалык кафедрасынын доценти Шерматов С.М. үзүрлүү эмгеги, илимге кошкон салымы үчүн Россия Федерациясынын Табият таануу академиясынын профессор наамын алды.

Ал эми ушул эле кафедранын доценти Молдалиев Э.Д. илимий изилдөө иштин үстүндө талыкпас эмгкектенип, « Теоретические и прикладные аспекты обеспечения безопасности движения в горных условиях» атуу темадагы докторлук ишинин эксперименталдык бөлүгүн аткарып жатат. Акыркы үч жылдын ичинде факультеттин төмөнкү 3 ага окутуучусу кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү жакташты: • Бекежанов М. «Окуучулардын математикалык окуу жетишкендиктерин компьютердик тесттин негизинде диагноздоонун илимий-методикалык негиздери». • Оторова С. «Жогорку Нарын дарыясынын бассейинин суусунун экогеохимиялык абалы». • Бейшеналиева У.У. «Мультимедиа технологияларынын негизинде студенттердин маалыматтык компетентүүлүгүн ѳнүктүрүүнүн педагогикалык шарттары» Кафедранын доценти Э.М.Байбагышов докторлук ишин төмөнкү темада жүргүзүүдө: «Мониторинг почв Внутренного Тянь-Шаня».


Эл аралык байланыштар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Факультеттеги эл аралык байланыштар боюнча иштер жогорку денгээлде уюштуруулуда. Азыркы учурда факультет Германиянын жогорку окуу жайлары менен алмашуу кызматы, Вайенштефан университети, LOGO (Сельское Хозяйство и Экологическое Равновесие с Восточной Европой), DEULA- Нинбург, Брауншвайгдагы Тюнен институту Северо-западный университет сельского и лесного хозяйства (Китай), Берлин Эркин университети, жана И.Раззаков атындагы техникалык университеттер менен тыгыз байланышта иш алып барууда. Факультеттин окутуучулары Тюнинг, Ерасмус-Мундус проектилеринин алкагында иштөөдө. Физика жана маалыматтык технологиялар кафедрасынын доценти Ажыбаев Д.М. эл аралык проектинин алкагында Италияда 1-жылдык стажировкадан өтүп келди. Ал эми, 2014-2015 окуу жылында «Маалыматтык технологиялар» кафедрасынын ага окутуучусу Ашыров Э.Т. Португалияда илимий стажировкадан өтүүдө. Агрардык техникалар дисциплиналар кафедрасынын доценти Дегембаева Н.К. Исландия мамлекетинде долборлоор мене ниш алып барууда.

Акыркы жылдарда факультеттин төмөнкү окутуучулары чет мамлекеттерге барып келишти.

Окутуучулар Мамлекет Мөөнөтү
1. Чекирова Г.К. Турция 2013
2. Шерматов С.М. Германия, Австрия, Италия 2013
3. Байбагышов Э.М. Германия, Англия, Австрия 2013
4. Бекежанов М.М. Малайзия,Англия ,Турция, Таджикистан, Казакстан 2008-2014
5. Ажыбаев Д.М. Италия, Ирландия, Таджикистан 2013
6. Дуйшекеев К.Д. Турция 2013

Экология жана жаратылышты пайдалануу багыты боюнча 2009-2010-окуу жылдарында V- курстун 9 студенти, IV-курстун 3 -студенти Германия мамлекетине 6 айлык практиканы ийгиликтүү өткөрүп келишти. Азыркы учурда факультеттин төмөнкү студенттери башка ЖОЖдо билим алып жатышат.

Студенттер Мамлекет Мөөнөтү
1. Темирбек кызы Айнура Бишкек.И.Раззаков атындагы КМТУ 2013
2. Муратбекова Гулайым Бишкек.И.Раззаков атындагы КМТУ 2013
3. Касмалиева Умут Германия 2013-2014
4 Дайырбекова Айзада Мисал 2013-2014
5 Абдылдаева Асыл Турция 2014-2015
6 Рахат кызы Жазгул Турция 2014-2015
7 Назира Бейшенбекова Швеция 2014-2015
8 Алмазбек Омурзаков Турция 2014-2015

Факультеттеги эл аралык долбоорлор:

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

-Англия мамлекетинин Дарвин коому аркылуу “Кыргызстандын жогорку окуу жайлары -биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо” деп аталган агрардык-техникалык факультеттин базасында «Билим» кичи коругу. -Норвегиянын Табиятты коргоо коому менен «Кыргызстанга - к¿н энергиясы». -Глобалдык экологиялык фонд аркылуу «Уч-Кара-Суу орнитологиялык аянтчасын уюштуруу».

ЖУМУШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН БАЙЛАНЫШТАР

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Факультет төмөнкү иш берүүчү мекемелер менен тыгыз байланышта иш алып барат: Жол тейлөө иш каналары №8, №41, транспорттук автоинспекциясы, Нарын электр тармактар ишканасы, Нарын электр бөлүштүрүү компаниясы, Ат-Башы ГЭСи, Кыргызтелеком, банктар жана башкалар.

СТУДЕНТТИК ЖАШОО

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Факультеттин студенттери жана октуучулары спорттук жана маданий массалык иш чараларга активдүү катышышыт. Спартакиада, уиверсиадаларда алдынкы орундарды камсыз кылышат. Нарын шаарында өткүрүлгөн футбол жана волейбол боюнча спартакиадаларда факультеттин командасы дайыма биринчи орунду камсыз кылып келишет. Студенттердин демилгеси менен факультетте жыл сайын шахмат, теннис, кол күрөш, футбол жана волейбол оюндары боюнча мелдештер өткөрүлүп турат.

Факультеттин алкагында “Энергетиктердин күнү” “Транспорт кызматкерлеринин күнү”, «Экологдор күнү», «Информатика күнү» өткөрүлүп келүүдө. Тиешелүү адистиктерде окуп жаткан алдыңкы студенттерибиз Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусунун, «Умут» президенттик стипендиасынын, Нарын шаардык мэриясынын стипендиасы жана НМУнун «ГРАМОТАСЫ» менен сыйланышкан. Акыркы 2 жылда агрардык-техникалык факультеттин студенттери университеттин денгээлинде өткөрүлгөн СӨИ конкурсунда 1-2 орундарды камсыз кылышкан.

АЛДЫДАГЫ ИШКЕ АШЫРЫЛА ТУРГАН ИШ ЧАРАЛАР

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Факультеттин келечеги Кыргызстандагы «Электр энергетикасы», «Экология жана айлана чөйрөнү коргоо», «Жол кыймылын уюштуруу», «Маалыматтык технология» багытындагы адистерди даярдоочу алдыӊкы окуу ордосуна жетишъънъ камсыз кылуу. 2014-2015-жылдары энергетика багытында факультете магистратура ачылууда. Дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинин алкагында аймактык денгээлде билимдин‚ илимдин, техниканын жана маданияттын жетишкендиктерин жайылтуучу борборго айландыруу. Алдынкы компьютердик маалыматтык окуу борбору болууга жетишъънъ камсыз кылуу. Бирдиктъъ башкаруунун негизинде студенттердин инновациялык чыгармачылыгынын өрчүүсүнө шарт түзүүчү борборго айланып‚ коомдун талаптарын канаттандыруучу кадрларды даярдоо.

  • U.A.Asanov, A.Z.Jumanazarova, T.Chorotegin. Kyrgyzskaia nauka v litsah: Kratkiy istoricheskiy I bio- bibliograficheskiy svod / Otv. Red. U.A.Asanov. – Bishkek: Tsentr gosyazyka I entsiklopedii. 2002. – 544 pages, ill., map. (ISBN 5-89750-142-4)

Интернеттик шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]