Жогорку окуу жайы

Википедия дан
Жогорку окуу жайлар‎»‎ барагынан багытталды)

Жогорку окуу жайлар – орто билимдин жана атайын орто билимдин негизинде терең пайдубалдуу билимге ээ жогорку квалификациялуу атайын адистерди даярдоочу окуу-тарбия мекемелери.

Жогорку окуу жайлар көп тармактуу жана көп баскычтуу билим берет. Алар негизинен [[Университеттер |университтер]] жана адистештирилген институттар, академиялар ж. б. турат. Университтер жогорку даражалуу жана квалификациялуу окутуучулар жана профессорлор менен камсыз болушуна жараша илимдин бакалаврдык, магистрдик, кандидаттык жана докторлук даражаларын берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындан тышкары өнөр жайдын, маданияттын жана коомдук жашоо-тиричиликтин ар кандай тармактары боюнча адистердин квалификациясын өркүндөтүү иштерин да алып барат. Алгачкы жогорку (фплос.) мектептер б. з. ч. 3-5 к-да Афины менен Римде пайда болгон. Грузиядагы биринчи жогорку мектептер Колхпда (4-к.), Икалто, Герм, Гелатп (11-12-к.) академпялары. 13-14-кылымда Батыш Европанын бир катар шаарларында ун-ттер ачылган. 1579-жылы Вольнюс академпясы, 1632-жылы Киев-Моголян академиясы, 1661-жылы Львов жана 1669-жылы Загреб ун-ттерп, 1687-жылы Москвада Славян-грек-латын академпясы уюштурулган. 1725-жылы Петербург академпясынын алдында Академиялык ун-т, 1755-жылы М. В. Ломоносовдун демилгеси боюнча Москва университети негизделген. 19-к-дын аягы 20-к-дын башында прп машпна индустриясынын өнүгүшү менен университеттер, инж. жана башка тармактык институттар көп өлкөлөрдө ачылган. Кыргызынданда ЖОЖ Улуу Октябрь соц. рев-ясынан кпйпн пайда болгон. Кыргыз ССРпнде бпрпнчп ЖОЖ Кыргыз мамлекеттик педагогпка пн-ту 1932-жылы Фрунзеде ачылган. 1933-жылы Зооветерпнарпя пн-ту ачылып, 1938-жылы Айыл чарба пн-туна айландырылган (к. Кыргыз агрардык университети И. Скрябпн атындагы). 1939-жылы сентябрда Фрунзеде Кыргыз мамлекеттик медпцпна пн-ту (к. Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы И. Ахунбаев атындагы), 1939-40-жылы Ош (к. Ош мамлекеттик университети) жана Пржевальск (к. Ысык-Көл мамлекеттик университети К. Тыныстанов атындагы) ш-нда мугалпмдер пн-ттары уюштурулган. 1945-жылы башталгыч класстардын мугалпмдерпн даярдап чыгарууга багытталган кыз-келпндер окуу жайы уюшулган жана анын базасында 1950-жылы Кыргыз кызкелпндер педагогпка пн-ту түзүлүп, ага 1952-жылы В. В. Маяковскийдын ысмы ыйгарылган (к. Кыргыз мамлекеттик университети И. Арабаев атындагы). Оштогу мугалпмдер пн-тунун базасында 1951-жылы Пржевальскпдегп мугалпмдер пн-тунун базасында 1955-жылы педагогпка пн-ттары түзүлгөн. Кыргыз мамлекеттик ун-тп пед. пн-ттун базасында түзүлүп (1951), СССРдпн 50 жылдыгы атындагы (1972), кпйпн Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук ун-тп (2002) аталган. 1954-жылы Фрунзе полптех. пн-ту (к. Кыргыз мамлекеттик техникалык университети И. Раззаков атындагы), 1955-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбпя пн-ту (к. Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт академиясы), 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик пск-во пн-ту (к. Кыргыз мамлекеттик искусство институту Б. Бейшеналиева атындагы) ачылган. О. эле 1979-жылы Фрунзе орус тплп жана адабпяты педагогпка пн-ту (к. Бишкек гуманитардык университети К. Карасаев атындагы, 1994), 1991-жылы Бпшкек мплпцпя жогорку мектебп (к. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин академиясы Э. Алпев атындагы, 1999), 1992-жылы Кыргыз архптектуралык-курулуш пн-ту (к. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети Н. Исанов атындагы, 1998), 1991-жылы Көркөм-сүрөт колледжп (к. Кыргыз Республикасынын улуттук көркөм-сүрөт академиясы Т. Садыков атындагы, 2004), Кыргызстан Эл аралык университети (1991), Кыргыз-Россия Славян университети Б. Ельцин атындагы (1991), Кыргыз-Түрк «Манас» университети (1995), Нарын мамлекеттик университети (1996), Борбордук Азиядагы Америка университети (1998), Кыргыз улуттук консерваториясы К. Молдобасанов атындагы (1998), Талас мамлекеттик университети (2000), Баткен мамлекеттик университети (2002) жана башка окуу жайлары бар. Ошентип, 1991-жылдан кийин бир нече жаңы ЖОЖдор ачылып, ин-ттардын ун-тке айланышы менен ЖОЖдордун жана студенттердин саны өстү. Кырг-ндын аймагында 1980-90-жылдарда бардыгы 10 ЖОЖ болсо, 2000-01-окуу жылында республикада ЖОЖдордун саны 40, ал эми студенттердин жалпы саны 188,2 миңди түзгөн, бул болсо 1999-2000-окуу жылына салыштырганда 29,5 миңге көп болгон. 2002-жылы ун-т, ин-т, академиялардын саны 46га жеткен. 2002-жылы 54 окуу жайы, а. и. 31и мамлекеттик, 15и жеке менчик жана 8и КМШ ЖОЖдорунун филиалдары болуп, аларда окутуу кыргыз, орус, казак, өзбек, англис, түрк, тажик, немис тилдеринде жүргүзүлгөн. Коммерциялык ЖОЖ, ф-ттер, бөлүмдөр ачылган. 1990-жылга салыштырмалуу 2002-03окуу жылында контракт менен окугандардын саны 5,6 эсеге көбөйгөн. Окуу квалификациясында жана окутуу процессинде да реформалар жүргүзүлүп, бакалавриат жана магистратура пайда болду. Тест, рейтинг системасы, кредиттик саат киргизилген. Кырг-нда ЖОЖдордун жалпы саны 1994-2004-жылдары 22ден 49га чейин өскөн. 2009-жылы 32 мамлекеттик ЖОЖ, 20 мамлекеттик эмес ЖОЖ болгон.

Орто Азия жогорку окуу жайлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда

ж.б.

Өзбекстанда

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5