Ош мамлекеттик университети

Википедия дан
Ош мамлекеттик университети
(ОшМУ)
Эл аралык аталышы

орус. Ошский государственный университет,
өзб. Osh davlat universiteti

Мурунку аталыштары

Ош мугалимдер институту (1939-1951)

Ош педагогикалык институту (1951-1992)

Негизделген жылы

1939-жыл

Түрү

Мамлекеттик

Ректору

Кудайберди Кожобеков Гапаралиевич

Студенттери

49 819

Чет-өлкөлүк студенттери

13 521

Специалитети

17

Жайгашкан жери

Ош

Юридикалык дареги

Ош  Кыргызстан Ленин көчөсү, 331 Почта индекси 723500

Сайты

https://www.oshsu.kg

Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) (Орусча: Ошский государственный университет, Өзбекче: Osh davlat universiteti, Англисче: Osh State University) – Кыргыз Республикаcынын мамлекети тарабынан аккредиттелген ири жогорку окуу жайы. Университет алгач 1939-жылы Кыргыз ССРи тарабынан мугалимдерди даярдоо институту катары негизделген жана 1951-жылы комплекстүү педагогикалык институт болуп түзүлгөн. Институт 1992-жылы Советтер Союзу тарагандан кийин толук университет статусуна ээ болгон.

Бүгүнкү күндө ОшМУ Кыргызстандын алдыңкы университеттеринин бири. ОшМУ борбор шаар Бишкектен тышкары жайгашкан жогорку билим берүүнүн маанилүү борборлорунун бири болуп саналат. Университетте 50 000дей студент окуйт, алардын 13 000 ашыгы чет өлкөлөрдөн келген студенттер[1]. Окутуу кыргыз, орус жана англис тилдеринде жүргүзүлөт[2].

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ОшМУнун тарыхы 1939-жылы Ош шаарында педагогигалык адистерди даярдоо институтунун негизделиши менен башталган. Институт Кыргызстандын түштүгүндөгү мектептерде мугалимдердин жетишсиздигин жоюу максатында түзүлгөн. Институт Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин чечими менен негизделген. Институтта окуу мөөнөтү 2 жылды түзгөн. Педагогикалык училищаларды бүткөн бүтүрүүчүлөр институтта тарых-филология, физика-математика, табигый илимдер жана география факультеттеринде билим алышкан.

1951-жылдын 24-майында СССРдин Министрлер Советини No. 1759 токтомун кабыл алган, андан кийин 1951-жылдын 26-июнь айында Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин №511-193/1 токтомуна ылайык мугалимдер институтун Ош мамлекеттик педагогигалык институту жана республиканын түштүгүндөгү биринчи жогорку окуу жайы болуп түзүлгөн. 1955-1956-окуу жылында факультеттердин биринчи бүтүрүүчөлөрү филология, физика жана математика, химия, биология жана чет тилдер адистигин мугалими дипломдоруна ээ болушкан.

1992-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен Ош мамлекеттик педагогикалык институту - Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) болуп өзгөртүлгөн. Анын ректору болуп Бакыт Жолчубекович Бешимов дайындалган. Жаңы факультеттер ачыла баштайт, 1992-жылы тарых-юридика, кыргыз жана өзбек филологиясы, 1993-жылы теология, 1996-жылы менеджмент жана бизнес жана 1997-жылы сырткы юридикалык факультети киргизилген[3].

2022-жылдын 18-июлунда Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы ылайык ОшМУга өзгөчө макам берилди[4].

ОшМУнун структурасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Университетте 17 факультет, 132 кафедра, 2 билим берүү институт, 1 Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеп, 6 орто кесиптик билим берүүчү колледж, 2 академия, 2 окуу борбор, 6 мектеп-гимназия жана 30 ресурстук борборлор, «Үмүт» телестудиясы[5], «Нур» гезити[6], «Үмүт» фольклордук[7] тобу иштейт.

ОшМУда 30 окуу корпус, 11 студенттик жатакана, 2 медициналык клиника, 18 спорт комплекс, Ысык-Көлдө жайгашкан “Үмүт” пансионаты жана Ошто жайгашкан “Ак-Буура” эс алуу жайлары бар[8].

Учурда илимий-изилдөө иштерин жана окуу-тарбиялоо процессин 2469 окутуучу жүргүзөт, анын ичинде 108 илимдин доктору, профессорлор, 475 илимдин кандидаты, доценттер, 4 докторлор, Кыргыз Республикасынын УИАнын 1 академиги жана 3 корреспондент-мүчөсү, илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын 3 лауреаты, Кыргыз Республикасынын 2 эл артисти, 5 академик жана инженердик академиянын 6 корреспондент - мүчөсү, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө 8 эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз Республикасынын 4 эмгек сиңирген дарыгери, Кыргыз Республикасынын илимине 4 эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына 1 эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын маданиятына 1 эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын 1 эмгек сиңирген машыктыруучусу жана тажрыйбалуу окутуучулар эмгектенет[9].

Факультеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кыскача тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин тарыхы 1951-жылы Ош педагогикалык институтунун базасында ачылган кыргыз тили, адабияты адистигинин күндүзгү бөлүмүнөн башталат. 1992-жылдын 2-июлдагы  № 224/4 буйругу менен күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүнөн турган кыргыз филологиясы  факультети уюшулган. 2010-жылы ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин (31.08.10.) чечими менен курамына журналистика бөлүмү кошулуп, кыргыз филологиясы жана журналистика факультети деп өзгөртүлүп түзүлгөн.

2014-жылы эки баскычтуу билим берүү алкагында магистратура бөлүмү ачылган.

Факультет университеттин структурасындагы бир бөлүк катары ишмердүүлүгүн ОшМУнун Уставына ылайык жүргүзөт. Өзүнүн окуу корпусу, мөөрү жана башка реквизиттери бар.

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети ОшМУнун миссиясына ылайык иш алып барат.

Факультетти декан, ф.и.к., доцент Турганбаев Нурмамат Орозович жетектейт.

Факультеттин стратегиялык максаттары төмөнкүлөр:

·      Филология, филологиялык билим берүү жана коомчулук менен байланышта болгон журналистика тармактарында сапаттуу профессионалдык жөндөмдүү адистерди даярдоодо билим берүүнүн эффективдүү интеграцияланган системасын өнүктүрүү; 

·      Фундаменталдуу жана прикладдык илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү;

·      Чет элдик өнөктөштөр менен  эл аралык байланыштарды бекемдөө;

·      Билим берүү процессинде жеке инсандын профессионалдык жана чыгармачылык өсүп-өнүгүүсүнө шарттарды түзүү.

Факультеттин жетишкендиктери:

Факультет ОшМУнун көптөгөн жылдар бою топтогон мыкты салттарын карманат. Кесиптик чеберчилиги мыкты окутуучулук-профессордук курамга ээ (диссертациялык кеӊештердин мүчөлөрү, билим берүү программалары боюнча эл аралык, улуттук тренерлер, аккредитациялык агенттиктердин эксперттери бар).

Кыргызстандын түштүк регионундагы журналистика боюнча адистерди даярдоочу жалгыз окуу жайы болуп саналат.

Факультетте төмөнкүдөй билим билим берүү программалары бар:

·  550300 – филологиялык билим берүү (бакалавр)

·  550300 – филологиялык билим берүү (магистратура)

·  531000 – филология (магистратура)

·  530600 – журналистика (бакалавр)


Физика-техника факультети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Физика адистиги боюнча мугалимдерди даярдоо 1939-жылдан тартып Ош мугалимдер институту ачылгандан бери жүргүзүлүп келе жатат. Физика-математика факультети 1951-жылы түзүлгөн. “Физика” жана “Математика” кафедралары ачылган. 1965-жылы “Физика” кафедрасы “Жалпы физика” жана “Эксперименталдык жана теориялык физика” кафедраларына бөлүнгөн. 1985-жылы физика-математика факультети экиге бөлүнүп, физика факультети түзүлгөн жана 1987-жылы кайрадан бириккен. Физика факультетинин деканы болуп ф.-м.и.к., доцент Ш. Исмаилов иштеген.  

2003-жылы Энергоресурстар жана коммуникациялык технологиялар институту инженердик, атайын техникалык дисциплиналар, фундаменталдык жана жалпы илимдер кафедралары менен жаңыдан түзүлгөн. Институттун директору болуп ф.-м.и.к., доцент Ы.Ташполотов дайындалган.

2006-жылдын 2-июнундагы ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен Физика, математика жана информатика факультети, Компьютердик технологиялар факультети жана Энергоресурстар жана коммуникациялык технологиялар институту жоюлуп, 10 адистиктикти тейлөөчү, адистешкен 6 кафедра курамына кирген физика-техника факультети түзүлгөн жана факультеттин деканы болуп ф.-м.и.д., проф. Ы.Ташполотов 2007-жылдын сентябрына чейин иштеген. Ал эми 2007–жылдын сентябрынан 2010-жылдын 15-октябрына чейин физика-техника факультетинин деканы болуп т.и.д., профессор Кенжаев И.Г., 2010-жылдын 15-октябрынан 2011-жылдын 1-октябрына чейин факультеттин деканынын милдетин аткаруучу болуп ф.-м.и.д., профессор Ы.Ташполотов дайындалган, ал эми 2011-жылдын 1-октябрынан 2016-жылдын 1-октябрына чейин Физика-техника факультетинин деканы болуп факультеттин профессордук-окутуучулук курамы көпчүлүк добуш менен шайлаган ф.-м.и.к., доцент Өскөнбаев М.Ч. иштеди. 2016-жылдын 11-октябрь күнү факультеттин профессордук-окутуучулук курамы бир добуштан т.и.к., доцент Айдарбеков Зарипбек Шариповичти Физика-техника факультетинин деканы кызматына шайлап алышты жана ал азыркы мезгилде факультетти жетектеп келе жатат.

Факультеттин миссиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

• Компетенттүүлүк мамиле менен физика-техникалык багытта заманбап билим берүү процессинде сапаттын кепилдигин камсыздоо;

• Өзүнүн интеллектуалдык потенциалын илимде, өндүрүштө жана кесиптик ишмердүүлүгүндө жүзөгө ашыра ала турган жогорку профессионалдык кадрларды даярдоо;

Факультеттеги даярдалуучу багыттар жана профилдер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адистиктин аталышы Даражасы Окуу формасы Окуу мөөнөтү
1 Физика-математикалык билим берүү:

Физика профили

Бакалавриат Күндүзгү

Дистанттык

4 жыл

5 жыл

Магистр Күндүзгү 2 жыл
2 Физика Магистр Күндүзгү 2 жыл
3 Электроэнергетика жана электротехника:

Электр менен камсыздоо профили

Бакалавриат Күндүзгү

Дистанттык

4 жыл

5 жыл

Магистр Күндүзгү 2 жыл
4 Агроинженерия Бакалавриат Күндүзгү

Дистанттык

4 жыл

5 жыл

5 Программалык инженерия:

Роботтук техникалык системалар жана электромобилдик түзүлүштөр үчүн программаларды иштеп чыгуу

Бакалавриат Күндүзгү 4 жыл

Кафедралар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Эксперименталдык жана теориялык физика
  • Жалпы физика жана ФОУ
  • Энергетика

Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

70 жылдан ашуун тарыхы бар дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети 1951-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун тарых жана филология факультетинин курамында ачылган. Ал эми 1957-жылы чет тилдер факультети болуп өз алдынча бөлүнүп чыккан. Факультет учурда дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети деп аталат.

Факультеттин миссиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Билим алууга умтулган жаштардын талабын камсыз кылуу,чет тилдерин жана үйрөнүп жаткан тилдин маданиятын, каада-салтын, ошону менен бирге эл аралык баарлашууну мыкты өздөштүргөн заманбап адистерди,коомчулуктун алдында өз жоопкерчилигин сезе билген инсанды тарбиялап чыгаруу.

Окутуучулук курам[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы мезгилде окуу-тарбиялык процесс 173 штаттык профессордук-окутуучулук курам тарабынан ишке ашырылууда, алардын ичинде 24 илимдин кандидаты,1 профессор, 44 улук окутуучу, 91 окутуучу эмгектенишет. Учурда программа боюнча "Филологиялык билим берүү", "Лингвистика", "Филология" билим берүү процесси жүргүзүлүүдө. 2021-жылдын декабрь айынан бери факультетти филология илимдеринин кандидаты, доцент Сагындыкова Рахат Жумабаевна жетектеп келет.

Искусство факультети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1959-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун базасында музыкалык-педагогикалык факультети ачылган. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин 1993-жылдын 6-августундагы №335/1 жана ректордун 1993- жылдын 2-сентябрындагы №83 буйругуна ылайык педагогика факультетинин сүрөт, чийүү жана эмгек кафедрасынын биригүүсү менен искусство факультети уюштурулган. Жаңыдан ачылган бөлүмдө студент жаштарды музыкалык сабаттуулукка үйрөтүүдө окутуучулар К. Карабаев, А. Асанов, Б. Абакировалар чон эмгек кылышкан, кийинчерээк В. Гребенников, В. Кириллов, К. Гумбина, К. Тойчиев, А. Ленгарт сыяктуу жогорку квалификациялуу педагог-музыканттар эмгектенишкен. Факультет ачылгандан баштап Д. Лондон, Б. Апышов, С. Нурова, С. Дуйшеналиев, Т. Сарыков, А. Топчуев, Н. Жутанова, А. Калыков, М. Абдугулов, Б. Мамбеталиев, И. Жунусов, Б. Иметов, А. Аттокуров, Т. Акматова, Р. Филиппова, К. Курбанбаев факультеттин декандары болуп иштешкен. Азыр факультетти доцент Ж. Т. Мойдунов жетектөөдө.

Факультеттин миссиясы

«Көркөм өнөр, музыка, эстрада, дизайн багытында, азыркы базар экономикасынын талаптарына ылайык, жаңы технологияларды колдоно билген, ар тараптуу, атаандаштыкка туруштук бере алган, жогорку билимдүү адистерди даярдоо».

Искусство факультетинде төмөндөгү багыттар (адистиктер) боюнча жогорку билимдүү кадрларды даярдайт.
1 Көркөм билим берүү
  • Музыкалык искусство
  • Көркөм өнөр искусствосу
  • Дизайн чөйрөсү
Күндүзгү 4 жыл
2 Музыкалык эстрада өнөрү Күндүзгү 5 жыл
3 Дизайн багыты
  • Кийим дизайны
  • Интерьер дизайны
Күндүзгү бакалавр 4 жыл
4 Костюм жана текстиль искусствосу Күндүзгү 4 жыл


Математика жана информациялык технологиялар факультети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ош мамлекеттик университети эң алгач 1939-жылы Ош мугалимдер институту болуп түзүлгөн жана 1951-жылы СССР Министрлер Советинин токтому менен Ош педагогикалык институту болуп кайра түзүлүп, факультетибиз физика-математика факультети деп аталган. Физика-математика факультетинин биринчи деканы ф.-м.и.к., доцент Половиков Федор Иосифович болуп, ал факультетти 1951-1953-жылдары жетектеген. Факультетте 1951-1955-жылдары математика бөлүмүндө 23, ал эми физика бөлүмүндө 18 студент биринчи бүтүрүүчү болуп жогорку билимдүү математика жана физика мугалимдери квалификацияларына ээ болушкан.

1953-1956-жылдары физика-математика факультетин ф.-м.и.к., доцент Шамгунов Кизим Давлетович жетектеген жана ал математика кафедрасынын башчысы да болгон. 1956-жылы физика-математика факультетине 100 студент кабыл алынган, ал эми факультетте 64 (математика бөлүмүн 41, физика бөлүмүн 23) студент окууну бүтүргөн.

Факультеттин жетекчилери

2018-жылдын 30-ноябрынан баштап МИТ факультетинин деканы болуп ф.-м.и.к., доцент Сопуев Уланбек Адахимжанович ийгиликтүү иштеп келе жатат. Факультетте 8 кафедрада 10 бакалавр багытынын 14 профили, 7 магистратура программасы боюнча кадрларды даярдап, замандын талабына ылайык жогорку квалификациялуу адистерди чыгарууда жана бардык багыттарды Эл аралык НААР көз карандысыз аккредитациялык агенттигинен ийгиликтүү өткөрүп, сертификаттарын 5 жылга алууга жетиштик.

Бүгүнкү күндө факультет материалдык-техникалык базаны чыңдоо, окутуунун сапатын жогорулатуунун жаңы технологияларын ишке киргизүү, окутуучулардын сапаттык курамын жогорулатуу, илимий-изилдөө иштеринин практикалык колдонулушуна жетишүү үчүн аракеттенип, учурдун талабына ылайык адистерди компетенттүүлүк мамиле менен даярдоо максатында «Элибиз үчүн, жерибиз үчүн күйүп жанып ак дилден иштейбиз!» деген девиз астында үзүрлүү эмгектенүүдө.

Азыркы күндө факультеттин 8 кафедрасындагы профессордук-окутуучулук курамдын 95 мүчөсү анын ичинен 7 илимдин докторлору, профессорлор, 1 КРУИАсынын мүчө-корреспонденти жана 38 илимдин кандидаттары, доценттер, 26 улук окутуучу, 28 окутуучу эмгектенишүүдө.

Факультетте 2144 студент, алардын ичинен 1407 студент күндүзгү бөлүмдө, 637 студент сырттан окуу бөлүмүндө окуйт. Бюджеттик негизде 557 студент, контрактык негизде 1488 студент билим алууда. Бүгүнкү күндө факультетте окуунун 396 мыктысы бар.

Факультеттин миссиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КРнын эл чарбасынын бардык тараптан өнүгүүсүнө салымын кошо турган эртеңки күндүн лидерлерин, алдыңкы саптагы информациялык технологиялар жана системалар, экономика, математика адистиктери боюнча жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо болуп эсептелет.

Адистиктер[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Адистиктин аталышы Даражасы Окуу формасы Окуу мөөнөтү
1 Физика-математикалык билим берүү:

Математика, Информатика

бакалавриат Күндүзгү, дистанттык 4, 5 жыл
магистратура Күндүзгү 2 жыл
2 Математика бакалавриат Күндүзгү 4 жыл
магистратура Күндүзгү 2 жыл
3 Колдонмо математика жана информатика бакалавриат Күндүзгү 4,5 жыл
магистратура Күндүзгү 2 жыл
4 Колдонмо информатика:

- Экономикадагы колдонмо информатика;

- Архитектурадагы колдонмо информатика.

бакалавриат Күндүзгү 4,5 жыл
магистратура Күндүзгү 2 жыл
5 Информатика жана эсептөө техникасы:

- Эсептөө техникасынын жана автоматташтырылган системалардын программалык жабдылышы (ПОВТАС)

- Информацияны иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары (АСОИУ).

бакалавриат Күндүзгү 4,5 жыл
магистратура Күндүзгү 2 жыл
6 Информациялык системалар жана технологиялар:

- Экономикадагы информациялык системалар жана

технологиялар.

бакалавриат Күндүзгү 4,5 жыл
магистратура Күндүзгү 2 жыл
7 Маалыматтык коопсуздук бакалавриат Күндүзгү 4 жыл
8 Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия бакалавриат Күндүзгү 4 жыл
9 Информациялык системаларды математикалык камсыздоо жана администрациялоо бакалавриат Күндүзгү 4 жыл
10 Программалык инженерия: Веб-технологиялар жана мобилдик системаларды программалык камсыздоо бакалавриат Күндүзгү 4 жыл
11 Дизайн: графикалык дизайн бакалавриат Күндүзгү 4 жыл
12 Билим берүүнүн менеджменти магистратура
Кафедралар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кафедранын аталышы Кафедра башчысы
Алгебра жана геометрия ф.-м.и.к, доцент  Папиева Толкун Маматаевна
Жогорку математика п.и.к., доцент Кедейбаева Дилбар Арстаналиевна
Математикалык анализ ф.-м.и.к, доцент  Тойгонбаева Айзат Куралбековна
Информациялык Системалар жана Программалоо ф.-м.и.к, доцент Токторбаев Айбек Мамадалиевич
Автоматташтырылган системалар жана санариптик технологиялар ф.-м.и.к, доцент

Молдояров Уларбек

Математиканы, информатиканы окутуунун технологиясы жана билим берүүдөгү менеджмент п.и.к, доцент

Аттокурова Анаркан Джалиловна

Колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн ф.-м.и.к, доцент

Азимов Бектур Абдырахманович

Колдонмо информатика жана  информациялык коопсуздук ф.-м.и.к, доцент

Ободоева Гүмүшай Сансызбаевна

Бизнес жана Менеджмент факультети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тарыхы

1995-1996-жылдары проекттин экинчи этабында 14 окутуучу америкалык профессорлордун микроэкономика жана макроэкономика, бухгалтердик эсеп, финансы жана кредит, компьютердик технологиялар, финансылык укук боюнча лекциялар курсун угушкан. Проекттин үчүнчү этабында 1996-жылы “Бизнес жана менеджмент” факультети ачылган. 2004-жылдан тартып экономика жана менеджмент багыттары боюнча эки баскычтуу «бакалавр-магистр» окуу системасы өздөштүрүлүп ийгиликтүү иштеп баштады. Университеттин «Интеграция» консорциуму аркылуу 2006-жылдын январынан тартып экономикалык багыт боюнча аудио жана видео, электрондук окуу курсун жана предметтер боюнча видеолекциялар жыйнагын факультеттеги окуу процессинде пайдаланууга шарт түзүлдү. 2008-2009-окуу жылынын сентябрь айында Магистратура бөлүмү «Бизнес жана менеджмент» факультетинин базасында ачылды. 2010-жылдын декабрь айынан тартып 2012-жылдын май айы аралыгында факультет Орто Азиядагы жогорку окуу жайларынын окуу программаларын аккредитациялоо боюнча TEMPUS проектисине катышып, “Экономика” багыты боюнча окутуунун сапатын текшерүүдө бардык баскычтардан ийгиликтүү өтүп, эл аралык аккредитациялоонун сертификатына ээ болду. 2015-жылы “Бизнес жана менеджмент” факультетинде: Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу (КЭУБ) ресурстук борбору менен биргелешип башкаруу боюнча программасы АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин колдоосу менен ачылды. Ал Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарындагы университеттерди колдоого багытталды. 2017-2018-окуу жылында «Бизнес жана менеджмент» факультети баардык багыттары боюнча боюнча билим берүү программаларын аккредитациядан ийгиликтүү өткөрүштү жана аккредитациялоонун сертификатына ээ болушту.

  • .Факультеттин өнүгүү тарыхында э.и.к., доцент Ж.К.Акназарова (1996-2003), э.и.д., профессор П.К.Купуев (2003-2005; 2008-2009), э.и.д., профессор У.Ж.Эргешбаев (2005-2008), э.и.д., профессор М.Ж.Айбашев (2008-2009), ф-м.и.к., доцент А.Р.Асанов (2009-2015) э.и.д., профессор М.Б.Убайдуллаев (2015-2020) декан  катары жетектеп келишкен. 2020-жылдын декабрь айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин факультетти э.и.к., доцент Т.М.Исраилов жетектеп келүүдө.
  • Бизнес жана менеджмент факультети менен эл аралык кызматташуу багытында Түркия, Кытай Эл Республикасы, Россия, Германия, Испания, Чехия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринин бир нече ЖОЖдору менен окутуучулар жана студенттерди алмашуу программасы боюнча келишимдер түзүлгөн. “АКШнын Портленд мамлекеттик университети (1996-жыл);” “РФнын Кабардино-Балкария мамлекеттик университети (2011-жыл);” “РФнын Воронеж Мамлекеттик токой-техникалык академиясынын экономика факультети (2012-жыл);” “АКШнын Кеннон институту (2013-жыл)” “Германия мамлекетинин Штудгард университети (2013-жыл)” “Түркия мамлекетинин ЖОЖдору менен “Мевлана” программасы боюнча (2012-жыл)” “Кытай Эл Республикасынын Синьцзянь педагогикалык университетинин экономика факультети (2013-жыл)” “Кытай Эл Республикасынын Конфуций институту (2013-жыл);” “Кытай Эл Республикасынын Нанкинь Аудит университети (2014-жыл)” “Кытай Эл Республикасынын экономика жана финансы институту, Үрүмчү шаары (2016-жыл);” “РФнын Урал мамлекеттик экономикалык университети (2018-жыл);” “Түркия Республикасынын Джумхуриет университети (2019-жыл);” “РФнын Томск мамлекеттик университети (2020-жыл)”
  • Факультеттин миссиясы: Азыркы санариптешкен замандын талабына ылайык жаңы маалыматтык технологияларды колдоно билген, чет тилдерин жогорку деңгээлде өздөштүргөн, заманбап рыноктук экономиканын талаптарына жооп бере турган, бизнести-башкаруу жана менеджмент багытында уюштуруу иштерин толук аткара алган, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндөгү баардык багыттар боюнча жогорку квалификациялуу, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо.
  • Факультеттин максаты: Эгемендүүлүккө чейин экономикалык багыттагы адистер борбордогу 3 ЖОЖдо гана даярдалгандыгын жана бул адистердин квалификациясы жаңы рыноктук шарттарга жооп бербегендигин эске алсак, ОшМУда “Бизнес жана менеджмент” факультетинин ачылышы өз учурундагы эң туура кадам болгон. Факультет иштей баштаган алгачкы күндөрдөн баштап өз алдына рыноктук экономика шартында конкуренцияга туруштук бере алган, заманбап информациялык технологияларды терең өздөштүргөн, чет тилдерди жакшы билген, республиканын экономикасында жүрүп жаткан реформаларга салым кошо ала турган, коомубуз үчүн жаңы болгон жеке ишмердүүлүктү ишке ашыра алган, чет өлкөлөрдө жана эл аралык структураларда иштеп кете ала турган жаңы муундагы башкаруучу жана бизнес кадрларды даярдоонун ордосуна айлануу.
  • Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети
  • Эл аралык билим бурүү программаларынын жогорку мектеби факультети
  • Орус филологиясы факультети
  • Дүйнөлүк тилдер жана маданияттар факультети
  • Искусство факультети
  • Тарых жана социалдык иштер факультети
  • Юридика факультети
  • Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультети
  • Физика-техника факультети
  • Бизнес жана менеджмент факультети
  • Эл аралык мамилелер факультети
  • Кыргыз-Кытай факультети
  • Медицина факультети
  • Теология факультети
  • Эл аралык медицина факультети
  • Дене тарбия факультети
  • Педагогика жана психология факультети

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. http://brand.oshsu.kg/
  2. ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинин сайты
  3. https://base.oshsu.kg/univer/?lg=3&id_parent=5502
  4. https://www.oshsu.kg/kg/news/1886
  5. https://www.oshsu.kg/kg/page/113
  6. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 17 -декабрь (бештин айы) 2023. Түп булактан архивделген күнү 17 -декабрь (бештин айы) 2023.
  7. http://arts.oshsu.kg/pages/page/402
  8. https://www.oshsu.kg/kg/page/258
  9. http://brand.oshsu.kg/