Мазмунга өтүү

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал Абад мамлекеттик университети

Википедия — ачык энциклопедия
("Жалал-Абад мамлекеттик университети‎"‎ барагынан багытталды)
Жалал-Абад Мамлекеттик Университети.

Жалал-Абад мамлекеттик университети — Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад шаарында жайгашкан жогорку окуу жай. 1993-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен төмөнкү окуу жайлардын негизинде уюшулган:

  1. А.С. Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык училищасы (1926-ж.)
  2. Жалал-Абад зооветеринардык техникуму (1947-ж.)
  3. Фрунзе политехникалык институтунун факультеттери — Кара-Көл (1963-ж.) жана Таш-Көмүр (1990-ж.)
  4. Кочкор-Атадагы аспап курулуш техникуму (1981-ж.)
  5. Майлуу-Суу шаарындагы электрдик-механикалык техникуму (1965-ж.)

Учурда университетте 2 институт, 10 факультет жана 7 колледж иштейт. Факультеттер:

  • Педагогикалык
  • Медициналык
  • Маалымат жана коммуникация технологиялары
  • Инженердик-техникалык
  • Экономика жана ишкердик
  • Кыргыз филологиясы жана журналистика
  • КМШ элдеринин филологиясы
  • Эл аралык байланыштар жана дүйнө тилдери
  • Социалдык-гуманитардык
  • Табият таануу

ЖАМУда 54 адистик боюнча кадрлар даярдалат. Университет көп баскычтуу билим берүү системасына ээ жана ички түзүмү менен көп тармактуу өнүгүү жолунда турат.

Окутуучулар курамы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалпысынан 700 окутуучу эмгектенет, алардын арасында:

  • 15 илим доктору
  • 20 профессор
  • 100дөн ашык илим кандидаты жана доценттер

Илимий жана маданий борборлор

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ЖАМУда төмөнкү борборлор иштейт:

  • Окутуунун интенсивдүү усулу борбору
  • Сынчыл ойлом борбору
  • Педагогикалык чеберчиликке үйрөтүү борбору
  • Көркөм академия
  • Америка борбору
  • Кытай борбору
  • Европа тилдерин өнүктүрүү борбору
  • Славян борбору
  • Өзбек маданий борбору
  • Карьера борбору
  • Гендердик изилдөө жана өнүктүрүү борбору

Билим берүү системасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2012-жылдан тартып Өкмөттүн №496 токтому жана Билим берүү жана илим министрлигинин №631 буйругунун негизинде университет 2 баскычтуу билим берүү структурасына өткөн. 35 багыт боюнча бакалавр даярдоо үчүн лицензия алынган[1].

Университеттин ректорлору

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. Бримкулов Улан Нургазиевич (1993-1996-жж)
  2. Бекболотов Турсунбек Бекболотович (1996-1999-жж)
  3. Бокошов Жамгырбек Бокошович (2000-2005-жж)
  4. Аширалиев Абдиумаматкадыр (2005-2008-жж, 2010-2011-жж)
  5. Кенесариев Ташмамбет Кененсариевич (2008-2010-жж)
  6. Абдрашев Ахунжан Баказович (2011-2016-жж)
  7. Усенов Кеңешбек Жумабекович (2016-ж.)[2]
  1. Усенов Кенешбек Жумабекович
  2. Усенов Кенешбек Жумабекович