Алмазбек Акматалиев
Көрүнүш
("Акматалиев, Алмазбек" барагынан багытталды)
| Акматалиев Алмазбек | |
| | |
| Туулган жылы: | |
|---|---|
| Туулган жери: |
Кара-Суу айылы, Нарын областы |
| Өлкө: | |
| Илимий чөйрөсү: | |
| Илимий даражасы: |
философия илиминин кандидаты |
| Илимий наамы: |
профессор |
Акматалиев Алмазбек (1959-ж, т., Ат-Башы району, Кара-Суу айылы) — эл депутаттарынын Нарын облустук кеңешинин төрагасы (1997-жылдан), философия илимдеринин кандидаты (1985).
1981-ж. Казак мамлекеттик университетинин философия-экономика факультетин бүткөн.
1981—87-ж, Кыргызстан ИАда илимий кызматкер, 1987-88-ж, Кыргызстан ЛКЖС БКда, 1989-90-ж. Кыргыз Республикасынын элге билим берүү министрлигинде бөлүм башчы, 1990—92-ж. Кыргыз Pecпубликасынын Президентинин аппаратында референт, сектор башчы, 1992—96-ж. Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, биринчи орун басары, 1996- 97-ж Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы.
Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |