Ат-Башы району

Wikipedia дан
Ат-Башы району
район
Ат-башы району
Kyrgyzstan At-Bashy Raion.png
Өлкө Кыргызстан
Облус Нарын
Seat Ат-башы
Time zone GMT +5 (UTC+5)

Ат-Башы району - Нарын облусунун түштүк бөлүгүндө жайгашкан. 1930-ж. уюшулган. Түштүк ж-а түштүк-чыгышынан Кытай, чыгышынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, түндүгүнөн Нарын, түндүк-батышынан Ак-Талаа, батышынан Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа райондору м-н чектешет. Аянты 19,1 миң км. Калкы 53,7 миң (2004). Райондо 10 айыл өкмөтү, 19 кыштак бар. Борбору – Ат-Башы кыштагы. [1].

Административдик бөлүнүш[оңдоо | булагын оңдоо]

Ат-Башы районунда 19 айыл бар:

  1. Ак-Жар айылы
  2. Ак-Моюн айылы
  3. Ак-Муз айылы
  4. Калинин айылы
  5. Ат-Башы айылы
  6. Ача-Кайыңды айылы
  7. Баш-Кайыңды айылы
  8. Бирлик айылы
  9. Өзгөрүш айылы
  10. Большевик айылы
  11. Дыйкан айылы
  12. Жаңы-Күч айылы
  13. Кара-Булуң айылы
  14. Кара-Суу айылы
  15. Талды-Суу айылы
  16. 1-Май айылы
  17. Кызыл-Туу айылы
  18. Терек-Суу
  19. Казыбек айылы

Райондун аймагы Ички Теңир-Тоонун бийик тоолуу бөлүгүндө жайгашкан Ат-Башы өрөөнү, Аксай өрөөнү, Арпа өрөөнү, Чатыр-Көл ойдуңу ж-а аларды чектеп жаткан Байбиче-Тоо, Кара-Тоо, Ала-Мышык, Нарын, Ат-Башы, Какшаал сыяктуу бийик кырка тоолор ээлейт. Өрөөндөрү 2000-3800 м бийиктикте жатат. Эң бийик жери - Какшаал тоо тизмегиндеги Данков чокусу (5982 м). Кен байлыктары: мрамор, чопо, мергель, туз, сымап ж-а калай. Ошондой эле курулуш материалдары, минералдуу суу булактары бар. Климаты кескин континенттик. Июлдун орточо температурасы дыйканчылык өрөөндөрүндө 12-18°С, бийик тоолуу сырттарда (Аксай, Арпа өрөөндөрүндө) 10-15°С; кышы суук, январдын орточо температурасы -18... -29°С. Аксай өрөөнү - Орто Азиянын «суук уюлу» (абсолюттук минимум -53,6°С). Жылдык жаан-чачыны өрөөндөрдө 300-350 мм, тоолордо 400-450 мм. Кышы 5-8 айга созулуп, кар 20-30 см калыңдыкта түшөт.

Ат-Башы кырка тоосунда, Какшаал, Фергана тоо тизмектеринде, Арпа, Чатыр-Көл, Аксай өрөөндөрүндө (3000 м бийиктиктен жогору) түбөлүк тоң жатат. Ири суулары: Ат-Башы, Аксай, Кара-Коюн, Арпа ж. б. Райондун түштүк-батышында республикадагы ири көлдөрдүн бири – Чатыр-Көл жайгашкан. Тоолордун нымдуу түндүк капталдарында токой (карагай, байтерек), бадал ж-а шалбаа өсүмдүктөрү, түштүк капталдары кургакчыл келип, көбүнчө бетеге, шыбак өсөт.

Калкынын негизин кыргыздар (96,0%) түзөт, ошондой эле өзбек, уйгур, дунган, татар, казак ж. б. улут да бар. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 2,8 киши.

Райондо негизинен мал чарбасы өнүгүп, айыл чарбадан алынган продукциянын 60%тен ашыгын өндүрөт. Өрөөндөрүнүн бир аз гана бөлүгү дыйканчылыкта пайдаланылып (Ат-Башы өрөөнү), көбү жайыт (Кыргызстандын жалпы жайытынын 12%ке жакыны). 2004-ж. райондо 125,3 миң кой-эчки, 24,4 миң уй (а. и. сааны - 12,7 миң), 19.2 миң жылкы, 33,9 миң үй кушу болгон. Райондо чарбанын бардык тармактары б-ча 9,1 миң о эт (тирүүлөй салмактагы), 23,3 миң о сүт, 1050 миң даана жумуртка, 386 о жүн өндүрүлгөн.

Айыл чарбасына жарактуу жери 1081,1 миң га (2004), а. и. сугат жери 31,6 миң га, айдоо 30.2 миң га, чабынды 5,2 миң га, жайыт 1040,7 миң га. Жалпы эгин аянты 27,9 миң га, а. и. дан 7,9 миң га (буудай 3,0 ж-а арпа 4,9 миң га), картөшкө 1,6 миң га, жашылча 144 га, тоют өсүмдүктөрү 18,3 миң га жерге эгилген. Райондо 16.3 миң о дан (2004), а. и. 6,1 миң о буудай, 10.3 миң о арпа, 23,6 миң о картөшкө, 1,5 миң о жашылча жыйналган.

Өнөр жай ишканаларынан кыш заводу ж-а турмуш-тиричилик жактан тейлөөчү кичи ишканалар, ун тартуучу чакан тегирмендер, нан бышыруучу, кийим тигүүчү майда ишканалар бар. Өнөр жай продукциясынын көлөмү 9,7 млн сомду түзөт (2004). Райондун аймагы аркылуу Кыргызстанды Кытай м-н байланыштырган Бишкек - Балыкчы - Нарын - Торугарт, облустук маанидеги Нарын – Беш-Белчир – Чатыр-Таш автомобиль жолдору өтөт.

2001/02-окуу жылында 21 жалпы билим берүүчү мектеп, 2 мектепке чейинки балдар мекемелери, музыкалык ж-а спорт мектептери, 20 китепкана, маданият үйү, 10 клуб, кинотеатр иштеген. Райондук, 2 участкалык оорукана, 15 ФАП, санитария-эпидемиологиялык станция, 10 үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт. Маанилүү тарыхый эстеликтери: Таш-Рабат, Кошой-Коргон. Рекреациялык маанидеги Босого, Улан, Жаңы-Жер, Таш-Рабат, Беш-Белчир сыяктуу кооз жерлери бар. Райондук «Кошой Ордо» гезити чыгат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1