Талаа

Википедия дан
Талаа.

Талаа – ксерофиттик мүнөздөгү өсүмдүктөр үстөмдүк кылган өсүмдүктүүлүк. Боздоң, дүңгөлүү Т., акырындап сейрек бадалдуу Т-га, ал эми экинчи чөлгө айланат, кээ бири болсо бирин-серин болгон, жалбырактары күбүлүп түшкөн токой сымалдуу жана ар түрдүү өсүмдүктөрдүн тобу: мисалы, пияздар , ыраңдар, кургакчылыкка жана сууктукка чыдамдуу көп жылдык чөп өсүмдүктөрүнөн турган өсүмдүк үстөмдүк кылат. Эреже боюнча экватордун багыты менен боздоң дүңгөлүү Т. жаан чачындын санынын азайышы менен чөлгө айланат. Т-лар узакка созулган ысык жайдын, аздыр­көптүр суук кыштын таасиринен жана 200дөн 500 ммге чейин жеткен жаан­чачын жааган жерлерге мүнөздүү. Талаалар Евразияда көптөгөн аянтты ээлейт. Талаалардын аналогдору болуп Түндүк Америкадагы прериялар, Түштүк Америкадагы пампастар, Жаңы Зеландиядагы туссопов дан өсүмдүктөрүнүн коомдоштугу саналат. Т-дагы өсүмдүктөр кара жана кочкул­күрөң топурактуу жерлерде өсөт. Бул жерлерде негизинен көпчүлүк учурларда дүңгөлүү көп жылдык дан өсүмдүктөрү (бетеге, тулаң, жылган, тоо сулуу, коңурбаш жана башка) дүңгөлүү ыраңдар, сейрегирээк пияздын түрлөрү; сейрек бадалдар (табылгы, алтыгана, бадам жана башка) кездешет. А. ч-сынын өнүгүшүнө байланыштуу көпчүлүк талаалар айдалып, ал жерлерде маданий өсүмдүктөр эгилип, табигый өсүмдүк өскөн Т. коруктарда, тоолордо гана сакталып келет.

Тоют өсүмдүктөрү – малга тоют үчүн өстүрүлүүчү бир жылдык, эки жылдык же көп жылдык өсүмдүктөр. Т. ө-нө тоют чөптөр, тамыры азык жана түймөк тамырлуу тоют өсүмдүктөр; тоюттук бакча өсүмдүктөрү, силостук өсүмдүктөр, дан жана чанактуу өсүмдүктөр жана башка кирет. Т. ө. которуштуруп эгүү жолу менен өстүрүлөт. Туруктуу тоют базасын түзүүдө Т. ө-нүн мааниси чоң. Тоют чөбүнүн бир жана көп жылдык дан жана чанактуу өсүмдүктөр тоюттук тамыры азык өсүмдүктөрдөн, тоюттук сабиз, брюква, тоют кызылчасы, турнепс, жана башка; тоюттук түймөк тамырлуу өсүмдүктөрдөн картошка (тоюттук сорту), жер алмурут жана башка, тоюттук бакча өсүмдүктөрүнөн тоюттук дарбыз, ашкабак; силостук өсүмдүктөрдөн жүгөрү, күн карама, тоют капустасы , күздүк чамгыр жана башка эгилет. Көк тоют (буурчак, соя жана башка) жана дан (арпа, сулу жана башка) өсүмдүктөрү; жем алуу үчүн чанактуу дан өсүмдүктөрүнөн жер буурчак, буурчак жана башка дан өсүмененөн арпа, сулу, жүгөрү жана башка өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]